Ошто айдоочулук күбөлүк алууга жардам берген мамкызматкер 260 миң сом айыпка жыгылды

УКМК «Унаанын» Оштогу кызматкерлерин кармаган кези

Ош шаардык соту «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкерин «коррупция кылууга көмөк көрсөткөн» деп тапты. Аталган кызматкер тергөө менен кызматташууга баргандыктан ал 260 миң сом айыпка жыгылды.

Өкүмдөгү маалыматка ылайык, соттолуучу «Унаа» ишканасынын айдоочулук күбөлүк берүүчү экзамендик комиссиянын мүчөсү болгон. Ал бул кызматка 2017-жылы дайындалган.

Соттолгон «М.Р.А.» комиссиянын мүчөсү катары «Керемет» жана «Жылдыз-Тур» автомектептеринин кызматкерлери, ошондой эле бир ортомчу менен «коррупциялык схема түзгөн». Алар айдоочулук күбөлүктөрдү алуучу окуучуларга экзамен тапшырууда «жардам көрсөтүп жүргөн».

Ошондой эле бул коррупциялык схемага «Унаанын» Ош облусу боюнча филиалынын бөлүм башчысы «А.А.М.» да катышканы маалымдалган — бул инициалдарга Акылбек Абжалов туура келет.

Тергөөнүн версиясы боюнча, автомектептердин кызматкерлери «экзаменди тапшырууда кыйынчылыктарды сезген окуучулардан» 3,5-4,5 миң сомдон алып, каражаттарды ортомчу аркылуу «М.Р.Ага» беришкен. Аталган каражаттар ортомчу, «М.Р.А.» жана Абжаловдун ортосунда бөлүштүрүлгөн.

«“М.Р.Анын” милдеттерине окуучулардын арасында тоскоолсуз экзамендерди тапшырууну уюштуруу кирген. Ал дүрбү менен окуучулардын экзамендердеги суроолоруна туура жоопторду айтып турган», — деп жазылган соттун өкүмүндө.

Өкүмдө «М.Р.А.» ортомчу аркылуу 2021-жылдын март айына чейин үч окуучулардан жалпы 12 500 сом алганы жазылган. Мындан сырткары, тергөө орагандары «Жылдыз-Тур» автомектептин кызматкери 2020-жылдын ичинде Акылбек Абжаловго 15 миң сом, «М.Р.Ага» 1,5 миң сом бергенин аныктады.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын марттын аягында айыпталуучу кармалып, тергөө менен кызматташууга барган. Кийинчерээк УКМК «Унаанын» Оштогу жетекчилигин кармаган. Учурда алардын иши боюнча соттук териштирүүлөр бүтө элек. Ал эми «М.Р.А.» тергөө менен кызматташууга баргандыктан анын иши бөлөк каралып сотко өткөн.

2020-жылдын аягында атайын кызмат «Унаа» ишканасынын Нарындагы бөлүмүнүн кызматкерин кармаган. Шектүү да айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү «коррупциялык схеманы түзүүгө айыпталган» — УКМКнын маалыматы боюнча, «Унаанын» кызматкерлери окуучулардан күнүнө 60-70 миң сомдон чогултуп жүрүшкөн.

Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктардын саны кескин өсүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2021-жылы 4 миң 637 автокырсык катталып, 6900 адам жаракат алган — анын 497си көз жумган. Мисалы август айында эле Чүйдөгү Ивановка айылында катталган жол кырсыгы төрт кишинин өмүрүн алган.

Жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Азамат Исраилов «Азаттыкка» курган маегинде жол кырсыктарынын көбөйүшүнө биринчи кезекте айдоочуларды даярдоонун алешемдиги, жол инфраструктурасынын начар экени жана коррупция себеп болгонун билдирди.