Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 75 учуру катталды, 3 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 12-сентябрда карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 3 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 572 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 75 учуру катталды — Бишкек шаарында — 38, Чүй облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 11, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад жана Талас облустарында — төрттөн, Ош жана Нарын облустарында — бирден . Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 177 158ге жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 102 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 171 158 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 655 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 1 046.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 6 559 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 12-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 734 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 521 миңден ашуун.