Бишкек: Бычакталып өлтүрүлгөн 13 жашар баланын агасы үч жылга шарттуу кесилди

Соттолуучу

9-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Мурас-Ордо конушунда 13 жашар инисин бычактаган 17 жаштагым баланы үч жылга шарттуу кести. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Өспүрүм «Аффект абалында киши өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Сот аны 2,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алып, ошол эле учурда соттолуучуга карата үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонду.

*Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыштарга соттолгон адамдарга карата колдонулат. Пробацияга алынган киши эркинен ажыратылбай, үч жылга чейинки мөөнөттө укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот.

Өспүрүмдүн өлүмү

17-март күнү Мурас-Ордо жаңы конушунда өспүрүм баланын сөөгүн энеси таап, Бишкектин Биринчи май РИИБине кабарлаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери баланын моюнуна бычак сайылып, андан улам каза болгону аныктаган.

Милициянын маалыматы боюнча, маркумдун талма оорусу менен жабыркап, жалгыз калбашы керек болчу. Ал эми окуя болгон күнү анын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 17 жаштагы агасы карап калган. Бирок баланын сөөгү табылган учурда ал үйдө жок болгон.

Кызматтык иттер менен издөө жүгүзүлүп, анын натыйжасында шектүү катары маркумдун агасы кармалган. Милиция шектүү алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун айтканын кабарлаган. Мындай кадамга шектүү иниси менен урушкандыктан барганын билдирген.

Алгач милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштап, кийин аны жеңилреек беренеге алмаштырган.