Ош шаардык соту Кылыч Саркарбаевди актады, прокуратура өкүмдү даттанды

Кылыч Саркарбаев

Ош шаардык соту жасалма паспорт алууга жана спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунунун бутуна ок чыгарууга айыпталган Кылыч Саркарбаевди актады. Бирок прокуратура чечимди облустук сотко даттанды.

Саркарбаевди актаган чечим 11-августта эле чыккан. Бирок коомчулукка эми эле белгилүү болду. Буга арызданган тараптын «айыпталуучунун күнөөсүн далилдеген негиздерди сотко келтирбегени» себеп болгон.

«Мындан улам сот ишти кыскартып, далил катары алынган Кылыч Саркарбаевдин жана жабырлануучу делген Төлөгөн Рахманберди уулунун буюмары өздөрүнө кайтарылган», — деп билдиришти шаардык соттун басма сөз кызматынан.

Саркарбаевге козголгон иштер

2019-жылдын 22-сентябрында Ош ОИИБи Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдаган. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экенин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алганын билдирген. Ал эми Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарлаган.

Анткен менен спортчу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видео кайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутка тапанча менен атканын айткан. Мындан сырткары, ал Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген.

Ал эми Саркарбаев өзү муну төгүндөп, ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында «кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат» деген пикирди айткан.

Мындан улам Саркарбаев үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан убактылуу иштен четтетилип, кайра августта ишке кайткан. Ош мэриясы Саркарбаев укук коргоо органдарынан Кара-Суу районундагы атышууга тиешеси жок деген документтерди алып келгендигин маалымдаган болчу.

Ал эми 2020-жылдын 17-декабрында Саркарбаевди УКМК жасалма паспорт алууга шектеп кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө спорт комитетинин жооптуу кишилери спорттук иш-чараларга кетчү каражатты, спортсмендерге бир жолку берилүүчү төлөмдөрдү жана спортчулардын формаларына делген төлөмдөрдү өзүдөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган.

Ал өз каалоосу менен мамлекетке келтирилген 1 миллион сом зыянды төлөп берип, үй камагына чыгарылган.

Коомчулукта Саркарбаев экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири экени айтылат — журналисттик иликтөөлөрдө Саркарбаевке Матраимовго тиешелүү болгон эки компания катталганы ачыкталган.

Январь айында Саркарбаев менен катарлаш Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов да кармалган. Сайпидинов жана Саркарбаев тааныштар. Мурдагы айыл өкмөт башчынын иши да 21-июлда «мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу» кыскарган.