УКМК: Кылыч Саркарбаев 1 миллион сом зыянды төлөп берди

УКМК 19-январда Ош мэриясынын спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылыч Саркарбаев өз каалоосу менен мамлекетке келтирилген 1 миллион сом зыянды төлөп бергенин билдирди. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө спорт комитетинин жооптуу кишилери спорттук иш-чараларга кетчү каражатты, спортсмендерге бир жолку берилүүчү төлөмдөрдү жана спортчулардын формаларына делген төлөмдөрдү өзүдөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган.

Ал эми ишти ар тараптуу иликтөө максатында атайын аудиторлор тартылып, келтирилген зыяндын так суммасын аныктоо борюнча иштер жүргөн.

Натыйжада тергөөнүн алкагында Саркарбаевдин жакын адамдары тарабынан чыгымды калыбына келтирүү максатында 1 миллион сом төлөнгөн. Учурда бул ишке катыштыгы бар кишилердин иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү иштер уланып жатат.

Буга чейин 17-январда Ош шаардык соту Саркарбаевди үй камагына чыгарган — ал жасалма паспорт алууга шектелип 17-декабрда кармалган болчу. Атайын кызмат Саркарбаев 2006-жылы «Тоноо» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилгенин кабарлаган.

Мындан улам Саркарбаев өзүнүн соттолгондугу тууралуу маалыматты жаап-жашыруу максатында жасалма документтер менен жалпы жарандык паспорт алганы айтылган. Ал өзгөртүлгөн паспорт менен Ош шаардык спорт комитетинин башчылыгына келген.

Ошондой эле, УКМК Саркарбаев уюшкан кылымыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта экендигин маалымдаган. Мындан сырткары, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышып, эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер менен ок атышууга да аралашкан деп билдиришкен.

Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын 18-декабрда карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми кийинчерээк Ош мэриясы аны спорт комитетинин башчысы кызматынан бошоткон.

Кылыч Саркарбаев деген ким?

Сакарбаев Ош шаардык мэриясынын спорт комитетин 2017-жылдан баштап жетектеген.

Ош ОИИБи Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам аны тапанча менен атып жибергенин маалымдаган. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экенин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алганын билдирген. Ал эми Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарлаган.

Анткен менен спортчу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видео кайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутка тапанча менен атканын айткан. Мындан сырткары, ал Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген.

Ал эми Саркарбаев өзү муну төгүндөп, ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында «кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат» деген пикирди айткан.

Мындан улам Саркарбаев үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан убактылуу иштен четтетилип, кайра августта ишке кайткан. Ош мэриясы Саркарбаев укук коргоо органдарынан Кара-Суу районундагы атышууга тиешеси жок деген документтерди алып келгендигин маалымдаган болчу.

Ошондой эле коомчулукта Саркарбаев экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири экени айтылат — журналисттик иликтөөлөрдө Саркарбаевке Матраимовго тиешелүү болгон эки компания катталганы ачыкталган.