Савай айыл өкмөтүнүн экс-башчысы Мунарбек Сайпидиновго козголгон иш кыскартылды

Мунарбек Сайпидинов кармалган учуру. Сүрөт: Марат Акимбек уулу / «Азаттык»

Ош шаардык соту 21-июлда Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновдун ишин «мөөнөтү өтүп кеткенине» байланыштуу кыскартты. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облусттук соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Сайпидинов үстүбүздөгү жылдын 12-январында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, Сайпидинов «айрым жооптуу адамдар менен биргеликте Кара-Суу районуна караштуу Савай айылындагы мектептин спорт залы сапатсыз курулганына карабастан пайдаланууга берген жана аны курууда жумуштун көлөмүн 1 млн сомго ашык көрсөткөн».

*Мамлекеттик сатып алуулар порталында Савай айыл өкмөтү 2016-жылдын сентябрь айында Савай айылына спорт зал курууга конкурс жарыялаганын көрүүгө болот. Конкурсту 5 млн 942 миң сомго «МК Партнер» ЖЧКсы утуп алган.

Савайдын экс-башчысы кармалгандан кийин мамлекетке 1 млн сомдон ашуун каражат төлөп, үй камагына чыккан. Ал арада Сайпидинов кызматынан четтетилген.

Ал эми Сайпидинов кармалганга чейин атайын кызмат «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси менен козголгон иштин алкагында анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Сайпидинов бул иш боюнча күбө катары суралууда.

Мунарбек Сайпидинов — бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Ал Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2016-жылы дайындалган.

*Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долллар тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты. Ошондой эле журналисттер экс-бажычынын расмий кирешесине туура келбеген байлыктарын дагы ачыкташкан. Матраимов октябрдагы төңкөрүштөн кийин бажыдагы «Коррупцияга» айыпталып, бюджетке 2 млрд сом токкөндөн кийин 260 миң сомдук айып пулга жыгылган.

Сайпидинов иш бөлмөсүнө өкүл атасы Райымбек Матраимовдун сүрөтүн илип алганы менен коомчулуктун эсинде калган. Мындан сырткары соцтармактын колдонуучулары Сайпидиновдун Дубайдагы эс алуусу учурунда тартылган видеолорду бөлүшүп, кызуу талкууга алышкан.

Интернет колдонуучулар айыл өкмөт башчы видеодогу кылык-жоругу менен мамлекеттик кызматкердин этикасын сактаган эмес деп эсептешкен.

Ошондой эле, Сайпидиновдун бул кадамы боюнча өкмөт аппараты тарабынан түзүлгөн атайын комиссия кызмат этикасына дал келбегендигине байланыштуу атайын эскертүү берген.

Ал эми Райымбек Матраимов «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого» шектелип УКМК тарабынан кармалгандан кийин Сайпидинов бир катар депутаттар жана Матраимводун жакындары менен биргеликте Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уюштурушкан. Алар экс-бажычынын бошотулушун талап кылган.

Матраимов жөнүндө иликтөөлөр:

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы

Матраимовдун бажы империясы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар