Жалал-Абад: Ташиев УКМК үчүн курулган дагы бир имараттын ачылышын өткөрдү

Жалад-Абад облусунун Ноокен районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин дагы бир жаңы имаратынын курулушу аяктап, 12-сентябрда пайдаланууга берилди. Имараттын ачылышына атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Эки кабаттан турган жаңы имараттын ичи заманбап жасалгаланып, керектүү техникалык жабдуулар менен камсыздалган.

Ташиев УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлерин куттуктап жатып, буга чейин коррупционерлердин айынан мындай «заманбап, бардык шарты бар» имараттар курулбай келгенин айтты.

«Буга чейин ушундай ондогон, жүздөгөн имараттар [каражаты] коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп кетип жаткан. Биз райадминистрацияда, библиотекалардын бурчунда отуруп калганбыз [...] Себеби мамлекетти ушундай абалга жеткиришкен. Мындан ары андай болбойт», — деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы өлкөнүн бир катар район жана облустарында дагы жаңы имараттар пайдаланууга бериле турганын кошумчалады.

УКМКнын Жалал-Абаддагы бөлүмдөрү үчүн түзүлгөн шарттар

Бул Жалал-Абад облусунун УКМК кызматкерлери үчүн курулган алгачкы имарат эмес. Алсак, 30-августта Ташиев атайын кызматтын Сузак райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы имараттын ачылышына катышкан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 бөлмөлүү кызматтык үйдүн курулушу башталган. Көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын аягында толугу менен бүтүп, чек арачыларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да берилери кабарланган.

УКМКнын төрагасы үй мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, «шериктеш мамлекеттин» жардамы менен курулуп жатканын билдирген. Бирок Ташиев өнөктөштөр так ким экенин ачык айткан эмес.

Ал эми 2-июнда Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы үчүн курулуп жаткан жаңы имаратка капсула салган.

Аталган имарат Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышында жайгашып, 1,4 гектарды ээлейт. Ошондой эле үч кабаттуу эки блоктон турат.

Мекеменин жаңы имараты «100 млн сомго — демөөрчү берген каражатка курула турганы» айтылган. Курулушту 1-декабрга чейин бүтүрүү пландалган.