Аксы: Сибирь жарасы катталган айыл карантинге жабылды

Сибирь жарасы катталган Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жүзүмжан айылы бир айга карантинге жабылды. Бул тууралуу «Клоопко»райондук администрациянын аппарат жетекчиси Мирлан Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда жергиликтүү тургундар дарыгердин көзөмөлүндө. Айылга блок-посттор коюулуп, ветеринарлар бардык малды текшерип жатат.

«Бул айылда биринчи жолу күйдүргү оорусу чыкты. Жалгыз ушул эле айыл карантинге жабылды. Күйдүргү оорусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал жерге малды киргизип-чыгарууга тыюу салынды. Союз учурунда Аксы, Үч-Коргон, жана Кош-Дөбө айыл өкмөттөрүндө сибирь жарасы чыккан экен. Ошол кезде малдар өрттөлүп, жерге көмүлүгөндө үстү цементтелип көмүлгөн. Ошолордун бирөө ачылып калганбы деген да ойлор бар», — деди Сагынбаев.

Учурда оору кандай жол менен жукканын аныктоочу комиссия түзүлдү.

10-сентябрда Аксы районунда сибирь жарасын жуктурууга шектелген жети адам ооруканага түшкөн. 13-сентябрда дарыгерлер эки бейтаптын лабораториялык анализинен сибирь жарасы тастыкталганын билдирген. Сибирь жарасы ылаңдаган уйдан тараган.

Карандинтик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Бектурдиев «Клоопко» оорулуу жуктурган эки адамдын абалы туруктуу экенин билдирген.

Дагы 41 адам ылаңдаган малдын этин жеген, алар үй шартында антибиотик терапиясын алып жатат. Алардын ичинен 10 киши — 14 жашка чейинки балдар.

Сибирь жарасы (күйдүргү же сибирь кулгунасы) — жаныбарлардан адамдарга жугуучу коркунучтуу, жугуштуу оору. Оорунун кесепетинен шишик менен жара пайда болот, эгерде дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал.

Акыркы жылдары Кыргызстанда күйдүргү жуктуруунун 50дөн ашык учуру катталган. Көпчүлүк адамдар илдетке оору жуккан малдын этин жегенден соң кабылган.

Тема боюнча:

Аксы: Сибирь жарасын жуктурууга шектелген жети адам ооруканага түштү

Аксы районунда сибирь жарасы тутанганы тастыкталды