Бийликти күч менен басып алууга шектелген Алмаз Сарыбаев эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Толубай» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевди 15-ноябрга чейин №1 тергөө изоляторуна киргизди. Ал «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип жатат.

Сарыбаевдин адвокаты Айжан Орозакунова соттун чечимине даттана турганын билдирди.

«Албетте биз бул чечим менен макул эмеспиз. Беш күндүн ичинде аппеляцияга беребиз. [Сарыбаев күнөөнү] мойнуна алган жок. Толугу менен иш боюнча айта албаймын, анткени маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат бергенмин», — деди Орозакунова.

Буга чейин Биринчи май райондук соту ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановду №50 тергөө абагына эки айга киргизген. Анын жактоочусу аталган изолятордо «өзгөчө кооптуу кылмышкерлер» отурганын билдирген.

Алмаз Сарыбаевдин атасы Айылчы Сарыбаев тергөөчүлөр уулун 12 саат суракка алып, «Курсан Асановго каршы көрсөтмө алууну көздөп коркутуп жатышканын» билдирген.

«Тергөөчү: “эгер Курсан Асановго каршы көрсөтмө берсең коё беребиз, көрсөтмө бербесең сени караларга салып берип, эзебиз” дептир. Тергөөчүнүн фамилиясын билбей жатам. Бул буйрутманы ким бергенин, [Камчыбек] Ташиевби же ИИМдин башчысыбы [Улан Ниязбеков], билбей жатам», — деди Сарыбаев.

«Бийликти күч менен басып алуу» иши

15-сентябрь күнү бир катар маданий ишмерлер айрым саясатчылар 17-сентябрда «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

*Буга чейин 17-сентябрда «саясий туткундарга» арналган тынчтык митинг өткөрүлө турганын кабарланган — аны Туйгунаалы Абдраимов жана Сеид Атамбаев уюштурмакчы.

Кайрылуу катта аты аталган депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Бакытбек Жетигенов, экс-депутат Ахматбек Келдибеков, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов суракка алынды. Ал эми экс-депутат Жылдызкан Жолдошева суракка чакырылганын, бирок андан баш тартканын айткан.

Ал эми суракка чакырылган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алардын кармалышына «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп тараган аудио жазуу себеп болгон. Анда ыктымал Асанов менен Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асановго таянып үн жазууну «монтаждалган» деп билдирген. Ал эми ИИМдин мурдагы башчысынын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова «Асанов аудиодогу сөз өткөн жылдагы октябрь окуялары боюнча болгонун айтты» деген.

Депутат Жанар Акаев «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн эмесмин» деп, «кымындай дагы далил жок экенин» айтты. Ошондой эле ал маданиятчылардын президентке кайрылуусу менен соцтармактардагы аудио жазуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде суралганын белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Караларга салып беребиз». Алмаз Сарыбаев «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча кармалды

«Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?