Курсан Асанов эки айга №50 изоляторуна киргизилди. Ал жерде «өзгөчө кооптуу кылмышкерлер» кармалат

«Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов эки айга №50 тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-сентябрда кабыл алды.

Бөгөт чарасы каралганча Асановдун тарапташтары сот имаратынын алдына чогулуп, аны бошотууну талап кылып турушту. Ал эми Асановдун адвокаты Чынара Жакыпбекова №50 тергөө абагында «өзгөчө кооптуу кылмышкерлер» отурганын айтып, прокуратура Асановду белгисиз себептерден улам ал жерге киргизүүнү өтүнгөнүн билдирген.

Аталган изолятор Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан.

Ал эми Асанов соттук отурумга чейин «акыйкат келип чыгаарына» ишенгенин билдирген. Ошондой эле Асанов ага тагылган айыптар «жалаа болгонун» белгиледи.

«Мен 30-35 жыл кызмат кылганмын. Мен дайыма жер-жерлерде тынчтык-туруктуулук болсун деп келгем. Азыр дагы мен үчүн тынчтык-туруктуулук эң чоң жетишкендик. Заманыбыз тынч болсун. Башка баары жалаа. Ким тарабынан жалаа болуп жатканын бир гана убакыт көрсөтөт. Мен көп нерсени айта албайм. Дагы бир жолу кайталайм акыйкат сөзсүз болот. Мен ойлойм алдыда кыла турган кызматтарым көп», — деди Асанов.

«Бийликти күч менен басып алуу» иши

15-сентябрь күнү бир катар маданий ишмерлер айрым саясатчылар 17-сентябрда «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

*Буга чейин 17-сентябрда «саясий туткундарга» арналган тынчтык митинг өткөрүлө турганын кабарланган — аны Туйгунаалы Абдраимов жана Сеид Атамбаев уюштурмакчы.

Кайрылуу катта аты аталган депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Бакытбек Жетигенов, экс-депутат Ахматбек Келдибеков, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов суракка алынды. Ал эми экс-депутат Жылдызкан Жолдошева суракка чакырылганын, бирок андан баш тартканын айткан.

Ал эми суракка чакырылган Курсан Асанов менен «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Алмаз Сарыбаев Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алардын кармалышына «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп тараган аудио жазуу себеп болгон. Анда ыктымал Асанов менен Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асановго таянып үн жазууну «монтаждалган» деп билдирген. Ал эми ИИМдин мурдагы башчысынын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова «Асанов аудиодогу сөз өткөн жылдагы октябрь окуялары боюнча болгонун айтты» деген.

Депутат Жанар Акаев «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн эмесмин» деп, «кымындай дагы далил жок экенин» айтты. Ошондой эле ал маданиятчылардын президентке кайрылуусу менен соцтармактардагы аудио жазуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде суралганын белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Караларга салып беребиз». Алмаз Сарыбаев «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча кармалды

«Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?