Кытай Кыргызстанга социалдык-экономикалык колдоо үчүн 100 млн доллар берет

Кытай ТИМнин башчысы Ван И жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстанда. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы. 

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 16-сентябрда ШКУ жана ЖККУ саммити өтүп жаткан Тажикстанда Кытай ТИМнин башчысы Ван И менен жолукканын билдирди.

Жолугушууда алар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерди жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Ван И Кытай Кыргызстанга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо үчүн 100 млн доллар берүүгө даяр экенин билдирди.

Ал Кытай бийлиги Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн дагы 1 млн доза вакцина бере турганын кошумчалады.

Кытай Кыргызстанга каражатты кайтарымсыз гана эмес насыя катары дагы берет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,9 млрд сомду түзөт. Бул сумманын көп бөлүгү Кытай мамлекетине болгон карыз.

Кытай алдындагы мамлекеттик карыз маселесин президент Садыр Жапаров өзү да козгогон. Ал 2021-жылы мартта «Азаттыкка» маек куруп, эгерде Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» карызын төлөп бербесе, анда Кытай ири инфраструктуралык долбоорлорду башкарууга аларын айткан. Алар — Бишкек ЖЭБи, «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолу жана «Датка-Кемин» көмөкчү чордону.

Анда Жапаров Кытайдын башкаруусуна башка объектилер да өтүп кетиши ыктымал экенин айтып, бирок кайсы объектилер экенин так белгилеген эмес.

«Мисалы, ТЭЦ, “Түндүк—Түштүк” жолу, “Датка-Кемин” […] Ошолорго алганбыз да [насыяларды] мунун баарын. Эгерде, убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка [Кытай тарапка] өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе, андан башкасын дагы алганга укуктары бар. Бирок биз убагы менен төлөп берип жатабыз», — деген президент.