Ош: Бекдөөлөт Абакировдун ишкерди сабоо боюнча иши кыскартылды

Бекдөөлөт Абакиров

Ош шаардык мэриясына караштуу спорт комитетинин жетекчиси Бекдөөлөт Абакировго ишкерди сабоо боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов 17-сентябрда билдирди.

Абсаттаровдун айтымында, тергөөчү кылмыш ишке тиешелүү далилдерди таба алган эмес. Ал эми иш бир ай мурун эле жабылганын белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында жергиликтүү ишкер Иниятилла Нурматов аны Абакиров дос-тааныштары менен бирге «себепсиз ур-токмокко алганын» айтып милицияга арызданган.

Нурматов «Абакиров менен тааныштыгы бар болгонун, анын урганы күтүүсүз болгонун» белгилеген. Анын айтымында, ал ошол күнү досунун дүкөнүнө киргенде сабалган.

Ишкер «Абакиров жана достору аны “чык” деп сөгүп, “күзгүнү тоспо” деп төшүнө уруп, андан соң ур-тепкиге алып, камера жок жерге сүйрөй баштаганда милицияга чалып кутулганын» айткан.

Мындан сырткары ал дүкөндөгү байкоочу камерага жазылган видеону Абакиров өчүрткөнүн, бирок өзү калыбына келтирип сактап калганын айткан болчу. Ошондой эле экспертиза анын сабалганын көрсөткөнүнө карабай Абакиров ишти «жаптырууга аракет кылып жатат» деп арызданган.

Ал эми Абакиров «эч кимди сабаган эмесмин, күбөлөрүм да бар» деп айыптоолорду четке каккан. Ал Нурматовду кайрадан комиссиялык жана комплекстүү экспертизадан өткөрүү үчүн арыз жазган.

Бекдөөлөт Абакиров

Абакиров Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалыгына өткөн жылдын 23-декабрында дайындалган. Ага чейин ал Ош шаарындагы муниципалдык «Жапалак» автоунаа базарынын директору болчу.

Ошондой эле ал күрөш боюнча спорт чебери жана «Аттила» аталышындагы спорт клубун жетекчиси.

Абакиров октябрь окуяларындагы нааразычылык митингдеринде ошол кездеги Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовду жандап жүргөн.

Мындан сырткары 2020-жылы пандемиядан улам өтпөй калган Ош шаардык кеңешке шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынын катарында барган.

Тема боюнча:

Ош: Сабалганын айткан ишкер Бекдөөлөт Абакиров ишти жаптырууга аракет кылып жатканын билдирди

Ош: Спорт комитеттин башчысы шаар тургунун сабоого шектелип жатат

Бекдөөлөт Абакиров Ош мэриясынын спорт комитетин убактылуу жетектейт