ЖМК: Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартуу арызын жазды

Орхан Инанды

Түркиянын атайын чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз жазды. Бул тууралуу ал 16-сентябрда Анкара шаарындагы сот отурумунда билдирди.

Түркиянын En Son Haber маалымат агенттиги Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жататканын жазды. Ал сот отурумуна түрмөндөн видео конференция аркылуу катышты.

«Инанды Кыргызстандын жараны экенин жана Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин белгилеп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз жок экенин айтты», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Орхан Инанды колу үч жерден сынганына байланыштуу, сотко даярдык көрүү үчүн кошумча мөөнөт берүүнү талап кылды.

Сот Инандыны камакка алууну улантуу чечими менен коргонууга даярдык көрүүгө убакыт берип, сот отурумун 23-ноябрга чейин жылдырды.

Инандынын кош жарандуулугу

Бишкек ШИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Орхана Инанды кош жарандуулукка ээ экендигин аныктаган. Анда Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганындан сырткары, мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында аяктай турчу Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып жүргөнү белгилүү болгон.

Ал эми Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова, анын Түркияда алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Орхан Инанды башка мамлекетте жасаган террордук кылмышы үчүн жооп берип жатат» деп белгилеп, аны кыргыз жараны менен салыштырбоого чакырган.

Анткен менен юристтер кыргызстандыктарга кош жарандуулук ал мамлекеттик кызматкер болбосо уруксат берилгенин белгилешет. Ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны болгон чакта деле аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүү үчүн атайын соттун чечими болушу керектинин айтышат.

Айрым юристтер Орхан Инандынын Түркияга жеткирилгени Кыргызстандын Конституциясы жана Жазык-процессуалдык кодексине* каршы келет деп эсептешет.

*Конституциянын 51-беренесинде кыргыз жараны «республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт» деп көрсөтүлгөн. Ал эми Жазык-процессуалдык кодексинде 524-беренесинде чет өлкөнүн Кыргызстандын жаранын жоопкерчиликке тартуу үчүн өткөрүп берүү өтүнүчү канааттандырууга жатпайт деп жазылган.

Орхан Инандынын уурдалышы

Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин белгилеген.

Орхан Инанды

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырып, кыргыз жаранын кайтарып берүүгө чакырган.

Элчи буга жооп кылып, Инанды Түркиянын жараны экенин айткан. Ошондой эле, ал Түркия тарап аталган операцияны Кыргызстандын аймагында жүргүзгөнү тууралуу айтпаганын белгилеген.

Киийнчерек Инандынын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз кардарынын көрсөтмөлөрүнө таянып, ал Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын айтып берген.

Йылмаздын айтымында, Инандыны 1-июнга караган түнү уурдаган кишилер анын көздөрүн таңышып, унаа менен беш-алты саат кара жол менен белгисиз жака алып барышкан. Анын эртеси күнү ал учак аркылуу Түркияга жеткирилген.

Түркиялык ЖМКлар Инанды «ФЕТОнун Борбор Азиядагы менеджери болгонун мойнуна алды» деген маалыматты таратышкан. Анткен менен Инандынын адвокаты Инанды өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу гана айтып бергенин билдирип, күнөөнү мойнуна албагынан айткан.

Ал эми 6-августта Түркиянын абагында Инандынын колуна операция жасалган. Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз Кыргызстандан уурдалганда Инандынын колун сындырышканын билдирген.

Тема боюнча:

Адвокат: Орхан Инанды аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргызстандык ишке ашырганын айтты

Орхан Инандынын колуна Түркиянын абагында операция жасалды