Орхан Инандынын колуна Түркиянын абагында операция жасалды

Орхан Инанды

Түркиянын атайын чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын колуна Түркиянын абагында операция жасалды. Бул тууралуу «Азаттыка» Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз билдирди.

Жактоочунун айтымында, Инанды Кыргызстандан уурдалган учурда колун сындырышкан. Азыркы тапта операциядан кийин калыбына келип жатат.

Буга чейин Инандынын жубайы Рейхан Инанды күйөөсү кыйноого алынып, «оң колу шишип кеткенин» твиттерге жазган болчу.

«Оң колу шишип кеткен, таянычы жок жүрө албайт. Күйөөмдү мурда уурдалган адамдардай кылып кыйнашканын көрүнүп турат», — деп жазган ал.

Мындан тышкары, Йылмаз Инандыга козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатканын, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылганын кошумчалаган. Анын айтымында, алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленген.

Орхан Инандынын уурдалышы

Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин белгилеген.

Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырып, кыргыз жаранын кайтарып берүүгө чакырган.

Элчи буга жооп кылып, Инанды Түркиянын жараны экенин айткан. Ошондой эле, ал Түркия тарап аталган операцияны Кыргызстандын аймагында жүргүзгөнү тууралуу айтпаганын белгилеген.

Киийнчерек Инандынын жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз кардарынын көрсөтмөлөрүнө таянып, ал Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын айтып берген.

Йылмаздын айтымында, Инандыны 1-июнга караган түнү уурдаган кишилер анын көздөрүн таңышып, унаа менен беш-алты саат кара жол менен белгисиз жака алып барышкан. Анын эртеси күнү ал учак аркылуу Түркияга жеткирилген.

Түркиялык ЖМКлар Инанды «ФЕТОнун Борбор Азиядагы менеджери болгонун мойнуна алды» деген маалыматты таратышкан. Анткен менен Инандынын адвокаты Инанды өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу гана айтып бергенин билдирип, күнөөнү мойнуна албагынан айткан.

Тема боюнча:

Адвокат: Орхан Инанды аны уурдоо боюнча операцияны үч кыргызстандык ишке ашырганын айтты

Рейхан Инанды: «Күйөөмдү мурда уурдалган адамдардай кылып кыйнашкан»

Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди