Бийликти басып алууга шектелип камалган Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады

Алмаз Сарыбаев

«Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип эки айга камалган «Толубай» ААКнын директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Акыйкатчы аппараты билдирди.

Маалыматка ылайык, Сарыбаев ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголду деп эсептейт. Мындан улам ал 17-сентябрь саат 16:00дөн тарта ачкачылык жарыялоону чечкен.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-сентябрда Сарыбаевди эки айга №1 тергөө изоляторуна киргизүү чечимин кабыл алган. Сарыбаевдин адвокаты Айжан Орозакунова соттун чечимине даттана турганын билдирген.

«Бийликти күч менен басып алуу» иши

Буга чейин соцтармактарга «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деген аудио жазуу тараган. Анда ыктымал Асанов менен Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Ошол эле учурда интернетте бир катар маданий ишмерлердин айрым саясатчылар 17-сентябрда «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган каты тараган.

15-сентябрда катта аты аталган саясатчылардын дээрлик баары сурак берип сыккан. Ал эми Курсан Асанов жана Алмаз Сарыбаев 14-сентябрда эле суракка алынгандан соң кармалган. Асанов да, Сарыбаев да аларга тагылган айыпты моюндашкан эмес. Сот Асановду өзгөчө кооптуу кылмышкерлер жаза өтөгөн ТИЗО-50гө эки айга камаган.

Ал эми катты жазган маданий ишмерлер анын мааниси бурмаланып, биринчи бети өзгөртүлгөнүн айтып чыгышкан. Алардын айтымында, каттын түп нускасында саясатчылардын аты жазылган эмес.

17-сентябрда болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Ала-Тоо аянтында «саясий туткундарга» арналган көркөм-нааразычылык акциясын уюштурду. Ага жүздөй киши катышып, акцияда Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Караларга салып беребиз». Алмаз Сарыбаев «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча кармалды

«Катты көргөн да эмесмин». Президентке «кайрылган» маданият кызматкерлери эмне дейт?