Азамат Паизов «Жалалабад электро» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Сүрөт: «Жалалабад электро»

«Жалалабад электро» ачык акционердик коомунун башкы директору болуп Азамат Паизов дайындалды. Ал буга чейин ушул эле мекемеде ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Азамат Паизов 52 жашта. Ал 1996-жылы Ош технологиялык университетинин инженер-электрик адистигин аяктаган.

Паизов эмгек жолун Жалал-Абад ПЭСинин ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн инженер-инспектору болуудан баштаган. Андан соң 2001-жылдан баштап «Жалалабад электро» ААКтын ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Эки жылдан соң Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.

Андан кийин Паизов 2008- жылдан тарта Майлуу-Суу жана Базар-Коргон райондорунун, кийинчерээк Жалал-Абад шаарынын электр тармактар ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

Паизовго чейин «Жалалабад электрону» Дурусбек Рахманов башкарган. Ал «Жалал-Абад райондор аралык электр тармактар» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.