АКШ соту Кумтөр кенине жабдууларды жеткирүүгө тыюу салды

Кыргызстандын бийлиги менен Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы соттук териштирүүлөр бир нече айдан бери уланууда. Белгилүү болгондой, акыркы угуулардын биринде 15-сентябрда Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча соту Кыргызстандын кенге жабдууларды жана кошумча тетиктерди жеткирүү өтүнүчүн четке какты.

Бул тууралуу банкроттук иштерин алып барган Stretto компаниясынын сайтында жарыяланган сот чечиминен белгилүү болду.

Соттун токтомуна ылайык, кенде сырткы башкаруу киргенге чейин эле «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасы тарабынан чоң Caterpillar самосвалдары үчүн тетиктерге буйрутма берилген.

Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон юристтер өз арызында «Кумтөргө» жеткирилүүчү товар бир нече айдан бери кампаларда турганын белгилешкен. Ошондой эле, ал товарларды бир гана чет элдик компаниялардан сатып алууга болот.

«Товар Кумтөр кениндеги ишти улантуу үчүн керек. Убактылуу тышкы башкаруучу киргизилгенден бери Centerra’нын Канададагы менеджерлери кенге мурда буйрутма берилген миңдеген кошумча тетиктерди жана жабдууларды алып келүүгө бөгөт коюшкан. Ал эми кенде тетиктердин запасы таптакыр азайып кеткен», — деп айтылат юристтердин билдирүүсүндө.

Бирок АКШнын банкрот иштери боюнча сотунун чечими менен Кыргызстандын доосу канааттандырылган жок. Анткени Centerra Gold Inc.’тин туундусу болгон «Кумтөр Голд Компани» мындан ары кенге ээлик кызбайт жана Канада компаниясы алтын сатуудан түшкөн пайданы көзөмөлдөбөйт.

Буга чейин ушул эле отурумда, 15-сентябрда Нью-Йорктун банкрот иштери боюнча соту Кыргызстандын өкмөтүнө санкция киргизүүдөн баш тарткан.

Банкротко учуратуу боюнча сот

1-июнда Centerra’нын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин* баштоо үчүн Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча сотуна кайрылышкан.

Арыз Кыргызстандын өкмөтү экологиялык бузуулар жана мыйзам бузуулары үчүн Кумтөргө тышкы башкаруу киргизгенден кийин берилген. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалаган.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.

Ал эми 19-августта «Кумтөрдү» банкротко учуратуу боюнча сот жыйыны белгисиз мөөнөткө жылган. Жыйынды жылдыруу өтүнмөсү кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон юристтер тарабынан келтирилген.