Балыктардын агышы. Ак-Буура дарыясынын суусу лабораториядан таза чыкты

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош шаардык мэриясынан «Клоопко» Ак-Буура дарыясынын суусу лабораториядан текшерилгенден кийин жыйынтыгы таза чыккандыгын маалымдашты. Ал эми үч күн мурда дарыяга агып келген чала жан балыктар боюнча экспертиза азырынча чыга элек.

18-сентябрда Ак-Буура дарыясына агып жаткан чала жан балыктарды желим баштыкка топтоп жаткан тургундар тууралуу видео тараган. Жергиликтүү тургундар «дарыяга зыяндуу зат төгүлгөнү үчүн балыктар кыйроого учурап ага баштаган» деп божомолдошкон. Ошондой эле, айрымдары ичүүчү сууну пайдалануудан кооптонушкан.

Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Илияз Матанбаев кооптонууга негиз жок деп билдирди. Анын айтымында, Ак-Буура дарыясынын суусу көбүнчө эгин суугарууга кетет, ал эми ичүүчү суу «Ош шаар суу канал» кызматы тарабынан текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин берилет.

«Дарыянын суусу өзү ичкени пайдаланылбайт да. Анан балыктар боюнча лабораториядан жыйынтык чыккандан кийин такталып кошумча маалымат берилет. Бирөө бир зыяндуу нерсени таштап коюшу мүмкүн же бирөө ток салып койгон болушу мүмкүн», — деди Матанбаев.

18-сентябрда тараган видеодо 6-7 киши Ак-Буура дарыясына түшүп, балыкты кайырмак менен эмес, колу менен кармап баштыктарга салып жатканы көрүнөт. Аталган видео соцтармактарга тарагандан кийин Ош шаарынын мэриясы тургундарга Ак-Буура дарыясында агып жаткан балыктарды кармоодон, аларды жегенден жана сатыкка чыгаруудан алыс болууну эскерткен. Ошондой эле, балыктардын массалык түрдө агып жаткандыгынын себеби такталып жаткандыгын маалымдашкан.

Тема боюнча:

Ош: Ак-Буура дарыясына массалык түрдө аккан балыктар лабораторияда текшерилет