Ош: Энелеш бир тууганын өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы тургун кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагында өзүнүн эжесин өлтүрүүгө шектелип кармалган 16 жаштагы тургун эки айга камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан 21-сентябрда билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 9-сентябрга караган түнү орун алган. Кара-Кулжа райондук милициясына Бөтө-Мойнок жайлоосунда 27 жаштагы аял мал сарайда өзүн-өзү асып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция КЖБРге «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен каттап, соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

«Сотко чейинки тергөө ишинин жүрүшүндө дайындалган экспертизанын жыйынтыгы маркумдун киши колдуу болгондугун көрсөткөн. Кылмышка шектелип энелеш бир тууган иниси 11-сентябрда кармалган. Шектүү менен маркумдун ортосунда кайым айтышуудан чыр чыгып, натыйжада шектүү эжесин өлтүрүп алган. Ал кылмышын жашыруу максатында жансыз денени өзү асынып алгандай кылып асып койгон», — деп билдиришти Ош ОИИБиден. 

Аталган факт «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренесинен «Киши өлтүрүү» беренесине квалификацияланып, тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин Ош шаарынын 31 жаштагы тургуну бир тууган инисин бычактап өлтүрүүгө шектелип кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү өзүнүн 28 жаштагы иниси менен чырдаша кетип, бычак сайган. Чыр инисинин ичкиликке берилип кеткендигинен улам чыккан. Жабырлануучу көп кан жоготкондуктан окуя болгон жерде каза тапкан.