Айзаданын өлүмү. УКМК милиционерлердин шалаакылыгын иликтеп бүтө элек

Айзада Канатбекованын* өлүмүнө алып келген милиция кызматкерлеринин шалаакылыгына байланыштуу ишти иликтөө дагы деле уланып жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 21-сентябрда билдирди.

*Кыз мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн. Кыз уурдалган учур шаардын видеобайкоочу камераларына тартылып калган, ал эми эки күндөн кийин Канатбекова каза тапканы белгилүү болгон. Милиция кызды куткарып калуу үчүн жетишсиз чара көргөнү жарандардын нааразылыгын жараткан.Айзада Канатбекованы уурдоо учуру байкоочу камерага түшүп калган. 

Айзада Канатбекованы уурдоо учуру байкоочу камерага түшүп калган. Сүрөт: Байкоочу камерадан скриншот. 

УКМКдан «Клооптун» журналисттери төмөнкү суроолор камтылган сурамына ушундай жооп алышты:

  • Ишти иликтөө уланып жатабы-жокпу?
  • Аталган ишти иликтөө кайсы стадияга келди?
  • Тергөө кандай алдын-ала жыйынтыктарды айта алат?
  • Эмне себептен иликтөө узакка созулуп кетти?

«Клооптун» журналисттеринин тергөө 5 айга созулганын эске алганда, кандайдыр бир жыйынтыкка келдиби деген тактоочу суроосуна УКМКнын басма сөз борбору: «Тергөө бүтөөр замат кабарлашабыз», — деп жооп берди.

Буга чейин Башкы прокуратурадан тергөө уланып жатканын жана иш прокуратуранын «өзгөчө көзөмөлүндө» экенин билдирген.

«Милиция кызматкерлерине […] карата сотко чейинки өндүрүш кыскартылды деген […] билдирүү чындыкка коошпойт. Азыркы убакта кылмыш иши УКМКнын шаардык башкармалыгында тергелип жатат», — деп айтылган көзөмөл органдын 15-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Иш кыскартылганы тууралуу маалымат кайдан пайда болгон?

Мурдарак Айзада Канатбекованын апасынын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Нурбек Токтакунов милиционерлердин шалаакылыгына байланыштуу ишти Башкы прокуратура кыскартканын билдирген.

«Бул тууралуу УКМКнын тергөөчүсү Ормон Амангулов Биринчи май райондук сотунун имаратында Айзаданын жакындарына жолугуп калганда айткан. Жабыркаган тарапка жана алардын кргоочуларына бул тууралуу расмий эч ким маалымат берген эмес. Бирок беш айдан, Айзада каза тапкандан бери тергөөнүн жүрүшү тууралуу кандайдыр бир маалыматтын жоктугу иш кырскартылганы тууралуу маалыматты тастыктап жатат», — деп жазган ал 15-сентябрда фейсбук барагында.

«Кызматтык жасалмалоо жана бурмалоо»

Айзада Канатбекованы уурдоо иши боюнча сот жыйындарынан кийин Токтакунов «Клоопко» курган маегинде жабыркаган тарап дал ошол милиция кызматкерлеринин шалаакылыгын өзүнүн «эн башкы» иши катары караштырып жатканын билдирген.

Айзада Канатбекованын апасы жана таежеси адвокаты менен. Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop

«Ал [иш] прецедент болушу керек. Биздин максат шалаакылык кылган милиция кызматкерлерин жазалоо», — деген ал.Мындан тышкары, адвокат калаа милициясы менен прокурорлорду кызматтык жасалмачылыкка айыптаган. Анын айтымында, алар Канатбекованы издөө учурундагы өз иш-аракеттерине байланышкан документтердеги маалыматтарды бурмалашкан.

Тема боюнча: Айзаданын өлүмү. Адвокат Токтакунов милицияны жасалма документ жасоого айыптады

«Райондук милициядан баштап, министр, прокурорлор менен бүткөн бийлик бутактарынын бүтүндөй иерархиясы кызматтык жасалмалоо менен бурмалоого катышышкан. Алар толук кандуу издөө иш-чаралары уюштурулган делип айтылган документтерди материлдарга кошушкан. Чынында андай болгон эмес», — деп билдирген Токтокунов «Кулоопко» курган маегинде.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адам Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Айзада өлтүрүлгөндөн кийин милиция эки күн ичинде кылмышка катыштыгы бар адамдарды кармаган.

8-апрелде милициянын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы менен Ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Милициянын жооптуу кызмат адамдары маалымат жыйын өткөрүп, кызды узак убакыт издегени үчүн актанууга аракет кылышкан.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Тема боюнча: Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталган — жактоочу

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!