Чоң-Алай: Президент ооган кыргыздарына арналган шаарчанын курулушуна капсула салды

Сүрөт: Султан Досалиев

Президенттин администрациясы өлкө башчысы Садыр Жапаров Ош облусунун Чоң-Алай районунда Ооганстандан келген этникалык кыргыздарга арналган шаарчанын курулушуна капсула салганын билдирди. Анда Кичи жана Чоң Памирден келген кыргыздар отурукташат.

Шаарчага памирлик кыргыздар үчүн 400гө чукул үй куруу убадаланды.

«Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен көчүп келип, тоолуу Бурган-Суу айылына отурукташкан боордошторубуздун балдары ыйык кыргыз жергесинде бакубатчылыкта чоңоюшсун», — деди ал.

Буга чейин июль айында ТИМ Ооганстандагы талибдердин чабуулунан качкан этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүүнү убадалаган. Ага ылайык, 340 адамды алып келүү пландалган, бирок ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес.

ТИМ ооган кыргыздарын кошуна өлкөнүн аймагы аркылуу кыргыз-тажик чек ара өткөрмө пунктуна чейин алып өтүү боюнча тажик бийлигине кайрылганын билдирген. Бирок, ТИМдин маалыматына ылайык, кыргыз бийлигинин кайрылуусу «жоопсуз калган». Тажик ЖМКлары этникалык кыргыздар Ооганстанга кайтыралганын жазган.

Кыргызстандагы памирлик кыргыздар

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Кыргызстанда памирликтердин тарыхый мекенине кайтуусу боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ошол бойдон чечилбей калган. Кыргызстан жыл сайын Памир тоолорунда жашаган кыргыздар үчүн гуманитардык жардам жеткирген экспедицияны жөнөтүп турат.

Бийлик 2017-жылдан тартып памирлик кыргыздарды тарыхый мекенине көчүрүп келүү иш-чараларын ишке ашыра баштаган. Анда Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген.

Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, ал эми келгендердин бири көз жарганда үй-бүлөсүнө Нарын аймагынан чакан турак-жай берилген. Алар үстүндө үйү бар жалгыз памирлик үй-бүлө болгон — башкалары алгач жатаканаларда, кийин кашарларда, ижарага алынган батирлерде жашап калышкан.

2019-жылы дагы бир үй-бүлөгө Орусияда жашаган кыргызстандык эмгек мигрант үй белекке берген — ал памирликтердин биринин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун көргөндөн кийин ушундай кадамга барган.

Памирликтердин көпчүлүгү турак жай берилишин күтө алышкан жок — 20дай киши Кыргызстанга келгенден кийин Ооганстанга кайтып барышкан. 2020-жылы өкмөт Талды-Суу айылында 11 үй куруп, аларга памирлик кыргыздардын 11 үй-бүлөсү жайгаштырылган.

2021-жылы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин памирлик кыргыздарга кыргыз жарандыгы бериле баштаган.

4-апрелде президент Садыр Жапаров Ооганстандан Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келген памирлик кыргыздар менен жолуккан. Жолугушууда президент Памирде калган кыргыздарды көчүрүп келүү, жумушсуздук жана жарандык алуу көйгөйүн тез арада чечүүнү убадалаган.

Ошондой эле президент Чоң-Алайга отурукташкан ооган кыргыздарына үй курулат деп ишендирген. Апрелде 111 памирлик Кыргызстандын жарандыгын алганы белгилүү болгон. Жапаров памирлик кыргыздарды 2021-жылга дейре көчүрүп келүүнү пландаганын билдирген.