Ош шаарында тургунга кол салып уюлдук телефонун тартып алган эки киши кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Ош ОИИБи

Ош ОИИБи Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында 38 жана 30 жаштагы тургундарды «Ээнбаштык» беренесине шектеп кармады. Милицияга шектүүлөрдүн үстүнөн Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургуну кайрылган.

Маалыматка ылайык, 21-сентябрда Куршаб айылындагы «Элиме» кафесинин алдында жабырлануучуга бейтааныш эки тургун кол салып, уюлдук телефонун тартып алышкан.

«33 жаштагы тургун бул окуя боюнча мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранып, Өзгөн РИИБге кайрылган. Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин негизинде шектүүлөр ошол эле күнү кармалды», — деп билдиришти Ош ОИИБиден.

Мындан сырткары, милициядан шектүүлөрдүн бири буга чейин «Тоноо», «Бейбаштык» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча соттолуп чыккандыгын жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгын белгилешти.

Аталган факт КЖБРге «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын 5-мартында УКТнын 33 жаштагы мүчөсү бейбаштыкка шектелип кармалган. Коомчулукта ал «Карагер» каймана аты менен таанымал. Шектүү 38 жаштагы тургундун ишеничине кирип, андан кийин анын уруксатысыз борбор калаадагы «Аламедин-1» көчөсүндөгү батирин сатып жиберген.