«Жаңы барган парламентти “чимкирик” дей албайсыңар». Президент шайлоо таза өтөт деп убадалады

Президент Садыр Жапаровдун Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуу учурунан кадр. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо мамлекеттик кызматкер партияга же бир мандаттуу округдан чыгып жаткан талапкерге «иштесе» анда ал «дароо жумуштан бошотулат» деп билдирди.

Өлкө башчысы мындай билдирүүнү 26-сентябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда тургундар менен жолугушуу учурунда жасады. Анын айтымында, шайлоо «таза» өтүүсү үчүн райондун акимдерине, облус башчыларына жана шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилерине тапшырма берилген.

«Шайлоо боюнча бардык шартты түзүп бердим. Эми мындан кийин жаңы барган парламентти “чимкирик” дей албайсыңар. Айтсаңар анда өзүңөрдү өзүңөр “чимкирик” деген болосуңар. Эми сатылбагыла, добушуңарды сатпагыла. Бир да мамлекеттик кызматкер партияга же бир мандаттуу округдан бир талапкерге иштебейт, ким иштесе арыз жазат, же биз аны дароо жумуштан алабыз», — деди президент.

Жапаров Чоң-Алай районуна Ооганстандан келген этникалык кыргыздарга арналган шаарчанын курулушуна капсула салуу үчүн барган. Жаңы турак жайларга Кичи жана Чоң Памирден келген кыргыздар отурукташат.

Шаарчага памирлик кыргыздар үчүн 400гө чукул үй куруу убадаланды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды, ага 592 млн 531 миң сом сарпталат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Тема боюнча:

Чоң-Алай: Президент ооган кыргыздарына арналган шаарчанын курулушуна капсула салды