Ош: Апасы ажатканага кеткенде каналга агып кеткен 1,5 жашар наристенин сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Отуз-Адыр» каналына агып кеткен 1,5 жашар кыз табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 28-сентябрда билдиришти.

«Кыздын жансыз денеси каналга чөгүп кеткен жеринен 1,5 км төмөн жагынан саат 10:50дө табылды. Наристенин сөөгү куткаруучулар тарабынан туугандарына өткөрүлдү», — деп билдиришти ӨКМден.

Издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу жана 15 жергиликтүү тургун тартылган.

Мындан эки күн мурун Кара-Суу районунун Садырбай жана Тойчу айылдары аркылуу агып өткөн «Отуз-Адыр» каналына 3 жана 1,5 жаштагы кыздар түшүп кеткен. Алар апасы ажатканага кирип кеткенде сууга агып кеткен.

Аларды куткаруу үчүн 24 жаштагы апасы да сууга түшүп, бирок өзү да сууга аккан. Эне менен кыздарын жергиликтүү тургундар көрүп калып, апасы менен 3 жаштагы кызды куткарып калышкан. Ал эми 1,5 жашар наристе табылбай изделип жаткан.

Тема боюнча:

Ош: «Отуз-Адыр» каналына агып кеткен 1,5 жашар наристе изделип жатат