Адвокат Жоошев: 100дөй активистти тыңшоо боюнча документтер жок кылынган

Адвокат Замир Жоошев фейсбук барагына активисттер менен саясатчыларды тыншоо боюнча документтер жок кылынганын жазып чыкты.

Замир Жоошевдин фейсбуктагы посту 

Жоошевдин айтымында, ал 5, 6 жана 9-октябрь окуялары боюнча кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыккан. Адвокаттын маалыматына караганда, ал мурда томдордун биринен 100дөй активистти тыңшоо боюнча материалдарды көргөн.

«Жетишсиз документтерди бергиле деген талабыма тергөөчү айрымдары жашыруун томго тиркелип калганын айтты. “Жашыруун том менен качан таанышсам болот?” — деген суроого: “Жашыруун томдо далилдик база болбойт, андыктан сотко берилбейт, демек сиз тааныша албайсыз” деп жооп берди», — деп жазды Жоошев.

Жоошев тергөө тобунун мыйзамсыз аракети менен чечиминин үстүнөн сотко кайрыларын билдирди.

Активисттерди тыңшоо

ИИМ 100гө жакын адамдын, анын ичинде активисттер жана саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого алганы тууралуу 31-августта «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова айтып чыккан

Сооронкулованын айтымында, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов 2021-жылдын 6-январында «100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого санкция берген» токтом чыгарган.

«Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин токтому негиз болгон. Анда Жумабаев судьядан аты аталган адамдарга карата 2020-жылдын 5-октябрь окуяларына байланыштуу, атап айтканда “Ак үйдү” штурмга алуу жана басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылгандыктан, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берүүнү өтүнгөн», — деп билдирген Сооронкулова.

Укук коргоо органдарынын мындай аракети коомчулукта резонанс жаратты. Кийинчерээк сот тергөөчү Чыңгыз Бердимуратовдун телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого алуу чечими мыйзамдуу деп жооп берген.

«Аталган өтүнмөнү кароо учурунда ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы жана Башкы прокуратуранын прокурору бар болчу. Тергөө кызматы мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарымынын чегинде гана иш алып барган […]», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

«Тыңшалып» жаткандардын арасында: парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, оппозициячыл Равшан Жээнбеков, мурда президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов менен Абдил Сегизбаев жана башкалар бар.

Ал эми активисттерден Тилекмат Күрөңов, Улан Үсөйүн, Урмат Жаңыбаев, Нурсултан Акылбеков жана башкалар тыңшоого алынган. Ошондой эле укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров менен Рита Карасартова дагы бул тизмеде.

Кийинчерээк ички иштер министрлиги оппозициялык саясатчылар менен активисттерди октябрдагы окуялар боюнча козголгон иштин алкагында тыңшоого алганын мойнуна алган.

Ошондой эле, ИИМден активисттер менен саясатчыларды 2021-жылдын 6-январынан тартып 10-февралына чейин гана тыңшоого алганын билдиришкен. Тыңшоо 2020-жылдын октябрында болгон «Массалык башаламандык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

Жакында эле саясатчылардын телефон сүйлөшүүсүн тыңшоого Клара Сооронкулова менен Рита Карасартова кабылды. Кийин алардын телеграмдагы кат алышуусу социалдык тармактарга жарыяланган.