Ошто 15 жашар кыз көз жарды, милиция териштирүүнү баштады

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык төрөт үйүндө 15 жашар кыз 19-августта көз жарды. Өспүрүм кыз Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринде жашайт.

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» бул окуя катталганын, толук маалымат кийинчерээк берилеерин билдиришти.

Ал эми төрөт үйүнүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматова «Турмуш» басылмасына курган маегинде өспүрүм кыз аларга 19 жаштагы эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен түшкөнүн билдирди. Мындан улам дарыгерлер өспүрүмдү анын эжесинин документи менен каттоого алып, бирок эненин паспорту жок болгондуктан ымыркайдын туулгандыгы тууралуу аныктама берген эмес.

«Арадан 40 күн өткөндөн кийин кыздын апасы келди. Ал “19-август күнү А.Э. аттуу [15 жаштагы] кызым төрөдү эле, жашы жетпегени үчүн коркуп, эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып келгенбиз. А.Э.нин баласы деп маалым кат жазып бересиңерби?” деди», — деп айтып берди Ташмаматова.

Ошондой эле, башкы дарыгер «16-18-жаштагы кыздардын организминде көп деле айырма болбогондуктан» медициналык кызматкерлер аларга келген кыздын жашы жете электигин убагында аныктабай калганын билдирди. Ташмаматова учурда ымыркай өспүрүм кыздын эжесине катталганын, аны сот аркылуу гана өзгөртүүгө болоорун кошумчалады.

Үстүбүздөгү жылдын 15-май айында Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы кыз төрөгөн. Милиция бул окуя боюнча «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен териштирүү баштап, анын алкагында өспүрүмдүн 63 жаштагы кошунасын кармаган.

Анткен менен шектүүнүн үй-бүлөсү ал «тукумсуз» болгонун жана жабырлануучу «башка балдар тарабынан зордукталып жүргөнүн» айтып беришкен.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши жасалган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.