Адам өлтүрүүгө аракет кылууга айыпталган активист Максат Касенов 30-октябрга чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райсотунун басма сөз кызматы 2-октябрда сот адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелип жаткан активист Максат Касеновдун бөгөт чарасы каралганын билдирди.

Соттун маалыматына караганда, Касенов 30-октябрга чейин №50 тергөө абагында* камакта болот.

* Бул тергөө абагында бийликти басып алууга аракет кылуу иши боюнча айыпталып жаткан ИИМдин экс-башчысы Курсан Асанов да бар. Асанов бул тергөө абагына жөнөтүлгөнү белгилүү болгондо «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова негизи бул абакта «өзгөчө оор кылмыштарды жасаган рецидивисттер» отурарын билдирген.

Касеновдун кармалышы

2-октябрда соцтүйүндөрдө Касеновду эртең мененки саат 10до белгисиз тарапка алып кетишкени тууралуу маалымат тараган.

«Беткапчан, автоматчан белгисиз адамдар белгисиз тарапка алып чыгып кетишиптир. Үйүн тинтип, кичинекей балдарын, токсонго таяп калган апасын чыркыратып алып кеткен [...] Бир дагы документ, кагаз жок, эгерде бул күч органдары болсо одоно мыйзам бузушкан. Бизге кабарлап коюңуздар, кайда биздин досубуз?» — деп айтылат досторунун соцтармактагы видеокайрылуусунда.

Кийин ИИМ активист «адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча» кармалганын билдирген.«Адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кармалган», — деп түшүндүрүшкөн мекеменин басма сөз кызматынан.Касеновдун Караколдогу үйүндө «Сайга» үлгүсүндөгү мылтык жана атылбоочу куралдар да табылган. Максат Касенов жарандык активист, Караколдун тургуну, билими боюнча экономист. 2010-2012-жылдары Ысык-Көл облусу боюнча «Кыргызстан Жаштар Кеңеши» кыймылынын жаштар канатын жетектеген.

2012-жылы ал Каракол шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, «Жаштар жана спорт» комитетин жетектеген. Ошондой эле «Улуу Кыргызстан» партиясынын төрагасы болгон.

Кийин ал саясаттан оолактап, жеке ишкерликке кеткен. Бирок жарандык активист бойдон калган. 2020-жылдын октябрь айында «Чоң Казат» партиясы менен №14 катар номерде шайлоого барган. Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин башка чоңказатчыларга салыштырмалуу эч кандай кызматка дайындалган эмес.

Акыркы убактарда ал фейсбук барагында бийликтин аракеттерин жана өлкөдөгү окуяларды сындаган пост жана пикирлерди жазып жүргөн.