Видео: Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында алгачкы беттешин жеңди

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча аялдар арасындагы Дүйнө чемпионатынын алгачкы беттешинде жапон балбаны Нонока Озакини 6:4 эсебинде жеңди.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Озаки Тыныбекованы 4:0 эсебинде жеңип жаткан, экинчи бөлүктө кыргызстандык балбан кыз алты баллга ээ болууга жетишти.

Эми чейрек финалда Тыныбекова белорус спортчусу Вероника Ивановна менен беттешет.

Дүйнө чемпионатына жалпы 15 кыргызстандык спортчу катышып жатат. Тыныбековадан тышкары кыздар курамасында Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы бар. Жуманазарова биринчи таймашта Болгариянын спортчусу Мария Оряшкова менен, ал эми Медет кызы кореялык Минжи Ха менен күч сынашат.

Дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган, ал 8-октябрга чейин уланат. Анда спортчулар эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча мелдешишет.

Тыныбекова августта өткөн Токио-2020 олипиадалык оюндарында эркин күрөш боюнча күмүш медалды багындырган. Ал эми 2019-жылы сентябрда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Балбан кыз United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башында турат. 2020-жылдын башында Тыныбекова Италияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынган.