Алтынай Өмүрбекова Евразиялык экономикалык комиссиянын департаментин жетектейт

Алтынай Өмүрбекова

Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 1-октябрда Евразиялык экономикалык комиссиянын эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу 5-октябрда ЕЭКтин басма сөз кызматы маалымдады.

Өмүрбекова 2016-жылдан бери аталган кызматта иштеген Паиза Сүйүмбаеванын ордуна келди.

Алтынай Өмүрбекова

48 жаштагы Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарында туулган. Ал Жусуп Баласагын атындагы мамлекеттик университетинин тарых жана юридика факультеттерин аяктаган.

Өмүрбекова 1997-2000-жылдары «Эридан-маркет» ЖЧКсында иштеп, 2000-2003-жылдары «Урмат Интер» компаниясында директор кызматын ээлеген. Ал эми 2005-2008-жылдар аралыгында ал «Туртрест» ЖЧКсын жетектеген.

2009-жылдан тарта Өмүрбекова мамлекеттик кызматтарда иштеп баштаган — алгач ал Аламүдүн районунун кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын юристи болуп иштеген.

Ал эми 2010-жылы Өмүрбекова «Республика» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Бирок бир жылдан кийин Өмүрбекова мандатын тапшырып, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими болуп дайындалган.

Кийинчерээк, 2013-жылы, Өмүрбекова Бишкектин Свердлов районунун администрация башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген. Ал эми 2015-жылы ал кайрадан парламенттик шайлоого катышып, «Республика — Ата-Журт» саясий партиясынан депутат болгон.

Өмүрбекова 2018-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен вице-премьер-министр болуп дайындалган — ал социалдык блокту тескеген.

2020-жылдын март айында Коопсуздук кеңеш Өмүрбекова жана ошол кездеги саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди кызматтан алууну сунуштаган — буга аткаминерлердин «өлкө аймагына коронавирусту киргизбөө жана анын жайылышын болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды өз убагында көрбөгөндүгү жана көзөмөлдөбөгөндүгү» себеп болгон. Ал эми өткөн жылдын 1-апрелинде экс-президент Жээнбеков Чолпонбеков жана Өмүрбекованы кызматтан алган.