Бир мандаттуу округдан азырынча төрт эле аял талапкер чыкты

БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин тизмесин жарыялады. Азырынча тизме толук эмес, 18-октябрга чейин толукталышы мүмкүн. Бирок бир тенденция эмитен эле байкалууда — тизмеде аялдар жокко эсе.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында аралаш система боюнча өтүшү керек. 54 мандат партиянын өкүлдөрүнө, 36сы бир мандаттуу округдан өзүн өзү көрсөткөндөргө берилет.

Алар кимдер?

БШКнын маалыматына караганда, шайлоого катышуу ниетин Атыр Абдрахматова (Жети-Өгүз округу), Анара Мамбаталиева (Ысык-Көл округу), Жаңыл Ажибаева (Ысык-Көл округу) жана Юлия Лилиенталь (Сузак округу) билдирген.

Атыр Абдрахматова — БШКнын мурдагы мүчөсү, «Боршайкомдун көптөгөн мыйзам бузууларынан улам» ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.

Бул 2020-жылдагы парламенттик шайлоо жана аны коштогон шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун акциясынан кийин болгон. Митинг күч органдары менен кагылышууга өсүп жетип, бир адам каза болгон. Нааразылыкка чыккандар Ак үйдү басып алышкан.

Өлкөдөгү саясий кризис ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасына алып келген. Ал эми өлкө башына азыркы президент Садыр Жапаров келген.

Абдрахматова өз арызында Боршайком добуштарды сатып алуу, админресурсту колдонуу фактыларына чара көрбөгөнүн, шайлоо участкаларынын чек араларын белгилебегенин жана ар кандай шылтоолор менен укук коргоо органдарынын аракетсиздигин жаап-жашырганын белгилеген.

Шайлоого чейин Атыр Абдрахматова кыргызстандыктар №2 формасы аркылуу жапырт катталып жатканын аныктап, бул маселени кесиптештеринин алдында көтөрүп чыккан. Ошондой эле ал шайлоо участкаларынын чек аралары тууралуу маселени карап чыгыш керектигин айткан.

Мындан тышкары, Абдрахматова кесиптештерин, өзгөчө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы аракетсиздик үчүн сынга алган.

Анара Мамбеталиева — Мамэкотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы. 2018-жылдын август айында ал ведомство башчысынын кабинетинин алдында жалгыз пикет өткөргөнү үчүн жумуштан бошотулган. Бирок арадан эки ай өткөндөн кийин кайрадан кызмат ордуна калыбына келтиришкен.

Мамбеталиеванын айтымында, жумуштан бошотулганга чейинки жарым жыл аралыгында ал ведомстводогу коррупция менен күрөшүп келген.

Жумуштан бошотулгандан кийин ал президент Сооронбай Жээнбековго видео кайрылуу жаздырып, анда Мамэкотехинспекцияда жемкорлукка шектеп жаткан ири аткаминерлердин ысымдарын ачыкка чыгарган. Ошондой эле, ал өмүрүнө коркунуч туулуп атканын жана ага үндөбөй отурууну сунуштап жатышканын айтып берген.

Президент кийин Мамбеталиеванын видеокайрылуусу менен таанышып, Коопсуздук кеңешине Мамэкотехинспекциядагы коррупциялык иштер тууралуу маалыматты текшерүүнү тапшырган. Коопсуздук кеңеши менен Мамлекеттик кадр кызматынын сунуштамасы менен Мамбаталиева ведомствонун басма сөз катчысы кызматына кайтып барган.

Жаңыл Ажибаева — «Ажы Айымдар» коомдук фондунун жана «Ес Ай» ЖЧКнын директору. Андан тышкары «Кыргызстандын Жашылдар партиясынын» финансы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Аталган партия дагы парламенттик шайлоого катышууну пландап жатат.

Юлия Лилиенталь — салык жана финансы боюнча аудитор-консультант. Ал 2020-жылдын ноябрь айында президенттикке талапкерлигин койгон.

Эмне себептен саясатта аялдардын болушу маанилүү?

Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, депутаттардын 30% аялдар болууга тийиш. Бирок, бул ченем бир гана жергиликтүү кеңештерде эмес, парламентте дагы сакталбайт.

Акыркы үч жылда [2017-2020] аял депутаттардын саны өлкө боюнча 11%дан ашкан эмес. Ал эми азыркы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 20 аял депутат бар, ал эми мыйзам боюнча алардын саны 36 болушу керек болчу. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, парламенттеги аялдардын саны мындан да азаят.

Анткени, квота бир гана партиялык тизмеге тиешелүү. Парламентке партиялык тизме менен 54 депутат келет. Алардын 30% — бул 18 мандат. Демек, бул жолу аялдарга парламенттеги 18 орун гана тийиши мүмкүн.

Депутат Айсулуу Мамашеванын айтымында, бир мандаттуу округ боюнча шайлоо боюнча жаңы система аял талапкерлерге жолтоо болот жана парламенттеги 36 мандат эркектерге тийип калышы ыктымал.

«Өткөн жылдардын тажрыйбасы, бир мандаттуу шайлоо болгондо парламентке капчыктуу мырзалар келерин көрсөттү», — деген депутат.

Парламентте үй-бүлөдөгү зомбулук, кыздарды мажбурлап никеге туруу үчүн уурдоо көйгөйүнө аялдар көбүрөөк маани берет жана социалдык көйгөйлөрдү көп көтөрөт. Жогорку Кеңеште үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү же кыз уурдагандарга катаал чара көрүү боюнча мыйзамдарга эркектер бир канча жолу каршы чыгышкан. Анда эркек эл өкүлдөрү кайсы бир «салтка» шылтоолоп же мындай окуяларды кылмыш деп эсептөө жаңылыш деген пикирди карманышкан.

Сентябрда Боршайком билдирүү жасап, саясий партиялардан гендердик квотаны сактоону жана аны «формалдуулук менен жалганга» айлантпоону талап кылган. Буга чейин БШК Ош АШКнын аялдарды «Биздин Кыргызстан» жана «Ата-Журт Кыргызстан» партияларынан жапырт чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарган.