Нефтетрейдерлер ассоциациясы: Жакынкы эки жумада мунайдын баасы өсөт

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов 5-октябрда басма сөз жыйын учурунда жакынкы эки жумада бензин менен дизель майынын баасы кайрадан 1-1,5 сомдун тегерегинде кымбаттай турганын билдирди.

Баанын өсүшүнө күйүүчү майлоочу майлардын баасы дүйнөдө өсүп жатканы эле эмес, Орусиянын заводдорунда сатуу баасы кымбаттаганы дагы себеп.

«Орусиянын эки нефтти кайра иштетүүчү заводу оңдоо үчүн иштебей туруп калды. Алардын продукциясынын 80%ы Борбор Азияга жөнөтүлчү. Азыр биз башка заводдор менен иштешебиз, бирок аларда баалар кымбат. Биздин өлкөдө нефтти кайра иштетүүчү заводдордун сатуу бааларынын арты менен май куюучу жайларда дагы баалар өскөн сценарий ишке ашырылып жатат», — деп белгиледи Эшатов.

Сүйлөшүүлөр орусиялык мунай ташуучулар менен жүрүп жатабы же башкалар мененби азырынча айтыла элек. Аны менен катар октябрдын экинчи жарымына карата баалардын болжолдуу прогнозу дагы ачыкталган жок.

Тема боюнча:

Нефтетрейдерлер күйүүчү майдын баасын түшүрүү жолдорун сунуштады