Активисттерди тыңшоо: Акыйкатчы ИИМ менен соттун аракетине баа берүүнү суранды

Акыйкатчы Токон Мамытов 100гө чукул активист, саясатчы жана укук коргоочунун телефону тыңшоого алынганы боюнча Башкы прокуратурага кайрылды. Ал тыңшоо орнотууга уруксат сураган жана ага уруксат берген сот менен ИИМдин аракетинин мыйзамдуулугуна баа берүүнү суранууда. Бул тууралуу 6-октябрда акыйкатчы институту билдирди.

Токон Мамытов 

Алардын маалыматына караганда, акыйкатчыга «өлкө жаранынын жеке жашоосуна мыйзамсыз аралашууга» байланыштуу «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова жана юрист Сания Токтогазиева кайрылган.

Анда алар укук коргоо органдары өлкөнүн Конституциясын бузушканын белгилешкен.

Ошондой эле, алар сентябрдын аягында Сооронкулова менен Карасартованын telegram-аккаунтары бузулуп, жеке кат алышуусу жана аудиобилдирүүлөрү соцтүйүнгө тарап кеткенин белгилешкен. Андан тышкары, Токтогазиева менен адвокат Замир Жоошевдин аккаунттарын бузуу аракети катталган.

«Арыздангандар соттун санкциясы жок аталган жарандардын сүйлөшүүлөрү менен кат жазышуулары туруктуу түрдө көзөмөлдөнүп жатат, ал үчүн Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен ыкчам-издөө ишмердигинин тымызын ыкмалары колдонулууда деп эсептешет», — деп айтылат акыйкатчы институтунун билдирүүсүндө.

Биринчи эле кайрылуу эмес

Акыйкатчы институтунан Мамытов Башкы прокуратурага аталган жагдайга укуктук баа берүү жана чара көрүү өтүнүчү менен экинчи жолу кайрып жатканын билдиришти. Акыйкатчы парламенттин спикери, ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине дагы кайрылган.

Башкы көзөмөл органынан «бардык аракеттер Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөн» деп жооп беришкен.

«Бирок акыйкатчы Башкы прокуратурага кайрадан кайрылып, иштин чоо-жайын иликтөөнү суранды. Чындыгында эле тергөө судьясы аты аталган 100гө жакын саясатчы, депутат жана партиянын активисттерин, барынан да Жогорку Кеңештин депутаттарынын өзгөчө макамын эске алуу менен аларга тиешелүү бардык фактыларды жана материалдарды изилдеп чыкканбы? Тергөөчү судьяга ИИМдин тергөөчүсү республиканын 100 жаранын тыңшоо үчүн негиз болуучу айныгыс жүйөөлөрдү көрсөткөнбү?» — деп айтылат акыйкатчы институтунун билдирүүсүндө.

Буга чейин telegram-аккаунттарды бузуп кирүү боюнча Башкы прокуратурага Сооронкулова, Карасартова жана Токтогазиева өздөрү дагы кайрылышкан. Алар башпрокурор Курманкул Зулушевдин наамына укуктарынын бузулушу жана жеке жашоосуна кийлигишүү боюнча арыз жазышкан.

Клара Сооронкулова, Рита Карасартова жана Сания Токтогазиева 

Кайрылуунун авторлору «ИИМ жана УКМКнын атайын кызматкерлери айрым бир саясий жана коомдук ишмерлерди каралоо кампаниясын атайылап жүргүзүп жатышат жана ал үчүн Конституциянын ченемдерине каршы соттун санкциясы жок, тыюу салынган ыкмаларды колдонуп жатышат» деп эсептешет.

Аккаунттарды бузуу жана кат алышууну жайып жиберүү

31-августта Клара Сооронкулова ИИМ 100гө чукул адамды тыңшаганын, алардын ичинде активисттер, саясатчылары жана укук коргоочулар бар экенин билдирген.

Ал Биринчи май райондук сотунун тергөөчү судьясы Чыңгыз Бердимуратов 2021-жылдын 6-январында «100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого санкция берген» токтом чыгарганын айтып берген.

Укук коргоо орган кызматкерлеринин аракеттери коомдун нааразылыгын жараткан. Кийин соттун өзүнөн тергөөчү судьянын телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо тууралуу чечими мыйзамдуу болгон деп жооп беришкен.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги оппозициялык саясатчылар менен активисттерди октябрдагы окуялар боюнча козголгон иштин алкагында тыңшоого алганын мойнуна алган.

Ошондой эле, ИИМден активисттер менен саясатчыларды 2021-жылдын 6-январынан тартып 10-февралына чейин гана тыңшоого алганын билдиришкен. Тыңшоо 2020-жылдын октябрында болгон «Массалык башаламандык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

Кийин, 29-сентябрда юрист Сания Токтогазиева Telegram-аккаунту бузулганын кабарлаган. Ошондой эле, анын айтымында, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, адвокат Замир Жоошевдин аккаунттары дагы чабуулга кабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:Клара Сооронкулова: ИИМ 100дөн ашуун саясатчылар менен активисттердин телефонун тыңшоого алган

Активисттер менен саясатчыларды тыңшоо. Камчыбек Ташиев комментарий берүүдөн баш тартты