Видео: Депутат Алтыбаева Ош аэропортунда трапка чейин унаа менен келди

Социалдык тармактарда Ош аэропортунда учакка такалган трапка чейин унаа менен келген депутат Айнуру Алтыбаеванын видеосу тарады. Видеонун баяндамасында депутаттын айынан Ош — Бишкек каттамы 20 мүнөткө кечиккени айтылат.

Мурдараак Алтыбаева шаар күнүнө арналган салтанатка катышуу үчүн Ошко барган. Депутат журналисттерге рейстин кармалганына тиешеси жок экенин айткан.

«Рейс авиакомпания бортту алмаштыргандыктан кармалып калган. Биз бардык жүргүнчүлөр ошол процедураны күтүп турдук. Мындан улам салондо жүргүнчүлөрдү ордуларына жайгаштыруу дагы кыйынчылык жаратты! Мен эптеп эле бир нерсе чыгаруу үчүн карандай калпты айткан авторго боорум ачып турат», — деп Kaktus.media анын сөзүнөн цитата келтирет.

Ош аэропортунан болсо журналисттер депутаттар бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү стандарттык процедуралардан өткөндөн кийин расмий делегациялар залы аркылуу учакка отурарын билдиришти.

Алтыбаева деген ким?

Айнуру Алтыбаева парламентте консультант болуп иштеген, ал эми 2010-жылы бешинчи чакырылышта «Ар Намыс» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2015-жылы алтынчы чакырылышка КСДП партиясынан келген.

Жыйынтыгы жокко чыккан 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынын катарында аттанган.

Ал өлкөнүн Кытай алдындагы карызын төлөө үчүн кыргызстандыктарды акча чыгарууга үндөп, эки палаталуу парламентке кайтып келүүнү сунуштаганы менен эсте калган.

2021-жылы Алтыбаева коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сүрөмөлөп, КТРКдан прайм-таймда аялдарды мажбурлап никеге туруу кылмыш экени жөнүндө роликтерди көрсөтүүнү суранган.

Ошондой эле ал «Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири. Демилгечилердин маалыматы боюнча бул долбоор кызматкердин кол тийбестик укугун коргоого жана жумуш үстүндөгү кызматкерге асылуудан коргоону камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.