Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Нурбек Сыдыгалиев 27-январда парламенттин жаңы вице-спикери болуп шайланды. Ал мурдагы вице-спикер Мирлан Бакировдун ордуна келди.

Вице-спикерликке Сыдыгалиевден сырткары «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Уланбек Исмаилов да көрсөтүлгөн. Ал эми жашыруун добуш берүүдө Сыдыгалиев 77, Исмаилов 38 добушка ээ болду.

«Урматтуу коллегалар, мага ишеним көрсөтүп, колдоп бергениңиздер үчүн баарыңыздар чоң рахмат. Жогорку Кеңештин регламентин кынтыксыз сактоого, парламенттин аброюн көтөрүүгө, бардык маселелер боюнча мыйзам чегинде иш алып барууга өзүмдүн аракетимди жумшайм», — деди жаңы шайланган вице-спикер.

Ал эми Мирлан Бакиров кызматын өткөн жылдын 22-декабрында тапшырганын кабарлаган.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев вице-спикер Аида Касымалиеваны кетирүү үчүн кол чогултулуп, анын ордуна Гүлкан Молдобекова сунушталып жатканын билдирген. Бул маселе чындап эле Жогорку Кеңеште көтөрүлгөнүн бир катар депутаттар айткан. Ал эми Касымалиева «Азаттыкка» бул тууралуу соцтармактардан билгенин, бирок так маалыматы жоктугун билдирген.