Минкаб социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салууну көздөйт

Ош базары. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов

Министрлер кабинети «Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомдун долбоорун 18-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Долбоорду Экономика жана финансы министрлиги демилгелеген.

Ага ылайык, төмөнкү товарлардын баасы бир айда 20%га кымбаттаган учурда көзөмөлгө алынып, жөнгө салынат:

  • 1-сорттогу буудай уну;
  • 1-сорттогу ундан жасалган нан;
  • 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт;
  • өсүмдүк майы;
  • 72,5% майлуулуктан кем эмес каймак майлар;
  • эт (уйдун жана койдун эти);
  • кумшекер;
  • ак күрүч;
  • макарон азыктары;
  • жумуртка;
  • көмүр;
  • Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизелдик күйүүчү май;
  • суюлтулган газ;
  • жер семирткичтер;
  • тоют (чөп жана жем).

Буга чейин, 12-октябрда Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине карата көмүрдүн баасын жөнгө салуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, көмүрдүн бир тоннасы 1 250 сомдон 1 330 сомго чейин деп белгиленип, 90 күндүк мөөнөткө киргизилген.

Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташы 2020-жылдын жаз айында башталган. Ошол учурда кыргыз бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына убактылуу жөнгө салуу киргизген.

Тема боюнча:

Минкаб көмүрдүн баасын жөнгө салууну көздөйт

Министрлер кабинети көмүрдүн баасын жөнгө салмай болду