Никитенко минкабды сынга алып, ЖЭБ боюнча суроолорго жооп берүүнү талап кылды

Депутат Наталья Никитенко фейсбук барагында Бишкек ЖЭБинин бир бөлүгү Hampton Resources limited казак-британ компаниясына берилүүсү боюнча бийликти дагы бир жолу сынга алды.

Анын айтымында, «түшүнүктөрдү алмаштыруу жана терминдер менен манипуляция кылуу жаңы бийликтин визиттик карточкасы болуп баратат». Депутат токтомдо «КО» — кургатылган кокс маркасындагы көмүр көрсөтүлгөнүн, аны жылытуу энергетикасында колдонуу жайылган эмес деп белгиледи.

«КО маркасындагы көмүр — бул караганданын байытылган көмүрү эмес, кургатылган кокс көмүрү. Анын байылтылган көмүр менен дагы, экология менен дагы эч кандай байланышы жок. Бул көмүрдү апробация кылууда от казандардын бири иштен чыгып калганы чынбы? Бул эксперимент канчалык толук болгон? Жана эң маанилүүсү, эмне үчүн ушуга чейин көмүрдүн баасы тууралуу айтыла элек? Анын баасы кадимки көмүрдөн жогору экени чынбы?» — деп суроо салды Никитенко.

Депутат ЖЭБди өткөрүп берүү боюнча төмөнкү суроолоруна дагы жоопторду талап кылды. Алар:

1. Эмне себептен ЖЭБдин жабдууларынын бир бөлүгүн ижарага берип жатасыңар? Эмне үчүн тек гана от казандарды? ЖЭБде көмүрдү кантип иштетүүнү билген тажрыйбалуу жана адискөй жаамат иштейт.

2. ЖЭБ-стратегиялык объект, башкарууну күмөндүү чет элдиктерге карматуу канчалык туура?

3. Тендер качан жарыяланган? Эмне үчүн тек гана Hampton Resources Limited? Бул эмне болгон компания?

4. Өкмөт акционердик коомго эмненин негизинде буйрук берип жатат? Эмне Кыргызстан бир ууч топ адамдардын жеке ишканасы болуп калды беле?

«Тиешелүү процедураларды сактап, иштегиле да. Анын бул жерде көмүрдүн сапаты тууралуу ооз ачуунун кереги жок», — дейт депутат.

Никитенко минкабдын эки мүчөсү жашыруун түрдө Казакстанга барып, Hampton Resources Limited’ти көрүп келгенин дагы билдирди. Ал алардын көмүрдүн сапатын «бир көрүп эле» аныктай ала турганын күмөнгө коюп, бул жерде коррупция болушу мүмкүн деп шектенди.

«Менде, миңдеген жарандарда, таанымал эксперттерде, ЖЭБдин кызматкерлеринде, энергетика министрлигинде, тармактын ветерандарында күмөндөр бар. Күмөн аттиштерди 600$ сатып алып жаман көрүнгөн ЖЭБ чуусуна байланышкан бир нече адамда гана жок. Тандабай, манипуляция кылбай, бардык суроолорго жооп бериңиздер. Эгер ЖЭБ туруп калса, суроолорду берүүгө кеч болот» , — деп билдирди Никитенко.

Буга чейин дагы депутат фейсбук аркылуу өкмөттү кышка даярдык начар болгону үчүн сынга алган.

*2018 жылдын 26 январында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, бишкектиктер кычыраган суукта бир нече күн жылуулуксуз калган. Аварияга чейин ЖЭБ $386 миллион коротулуп модернизацияланган болчу.

Авариядан кийин ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча сот премьер Сапар Исаковду жана Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиевди 15 жылга эркинен ажыраткан. Бул иш боюнча башка бир нече кызмат адамдары дагы соттолуп, айыпка жыгылган.

Тема боюнча окуңуз:

Эмне үчүн ЖЭБдин бир бөлүгүн жеке компания башкарат? Бийликтин жообу

ЖЭБдин от казандары менен жабдууларын жеке компания иштетет. Эмне болуп жатат?