«Ынтымактын» тизмесинен чыгарылган Талант Мамытов БШКны сотко берет

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартканын кабарлады.

Талант Мамытов талапкерлигин «Ынтымак» партиясынан көрсөтүп жатат. БШК каттоодон баш тартууга анын парламенттеги спикерлик кызматын тапшырбаганы себеп болгонун билдирди. Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган мамкызматкер үгүт маалында кызматын тапшырышы керек.

«Мыйзамдын 21-беренесинин талаптарын аткарбаганына байланыштуу Мамытовду алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ал “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн талапкерлердин тизмесинен чыгарылды»,— деп кабарлайт комиссия.

Ал арада «Ынтымак» партиясынын саясий кеңеши 24.kg басылмасына БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылганын айтты. Партия шайлоо кодексинде спикер шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырышы керек деп түздөн-түз айтылган эмес деп билдирди.

Тема боюнча окуңуз: Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.