Сот МККнын экс-кызматкери Орхан Инандыга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп тапты

Дүйшөн Сатыбалдиев

Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевди кыргыз паспортторун мыйзамсыз берүү иши боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал тергөө менен кызматташууга барганы үчүн 260 миң сом айыпка жыгылды.

Сатыбалдиев «Коррупция» беренеси боюнча соттолду. Ал 2011-2012-жылдары президенттин алдындагы Жарандык берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган. Анда комиссия кыргыз жарандыгын алууну көздөгөн 32 чет өлкөлүктүн арызын караган — алардын арасында «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды да болгон.

2011-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Акимжан Эшматов Орхан Инандыга кыргыз жарандыгын берүү «максатсыз» деген корутунду чыгарып, аталган комиссияга жолдогон.

Анда атайын кызмат Инанды Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүнүн №35 үйүндө жашаганы тууралуу маалымкат бергени менен бирок Ош шаарында батирге ээлик кылаарын аныктаган. УКМКнын тергөө кызматы бул Инандыга кыргыз жарандыгын берүүдөн баш тартууга негиз болмок деп эсептейт.

Анткен менен Сатыбалдиев «УКМКнын белгисиз кызмат адамы менен алдын ала сүйлөшүп алып», атайын кызматтан Орхан Инандыга кыргыз паспортун берүүгө тоскоолдор жок деген корутунду чыгартып алган.

Андан соң кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Инандынын арызын президенттин алдындагы Жарандык берүү боюнча комиссиянын кароосуна жиберген. Мындан улам ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Инандыга кыргыз паспортун берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Сатыбалдиев үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Бишкек ШИИББи тарабынан кармалган. Ал 23-июлда тергөө менен кызматташууга макул болуп, Орхан Инандыга паспорт кандай берилгенин айтып берген. Ошондой эле Сатыбалдиев кылмыш иштин башка фигуранттарына каршы көрсөтмөлөрдү берген.

Түрк жарандарына кыргыз паспортун «мыйзамсыз берүү» иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын экс-башчысы Фарид Ниязов жана президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Эрнист Апилов шектүү катары өтүүдө.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухаббат Пратовага, паспорт столдун мурдагы жетекчиси Гүлнара Бердигуловага жана экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге шектелип жатканы тууралуу билдирме берилген.

Мындан сырткары, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге эл аралык издөө жарыяланган.

Орхан Инандыга «мыйзамсыз» паспорт берүү иши

Орхан Инанды

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алышынын мыйзамдуулугу ал Бишкекте Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалгандан кийин көтөрүлгөн.

Орхан Инанды Түркияга жеткирилгени белгилүү болгондон кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын куруп, ал эки паспорт колдонуу менен «мыйзам бузду» деп билдирген. Ошондой эле, Ташиев «Инанды башка мамлекетте жасаган террордук кылмышы үчүн жооп берип жатат» деп билдирген.

Түркиянын бийлиги Инандыны «ФЕТОнун* Борбор Азиядагы жетекчиси» деп атаган.

*ФЕТО же «Фетхуллах Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылган. Ал түркчөдөн Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Ташиев өз сөзүндө Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алганы боюнча 2019-жылы сотко чейинки өндүрүш ачылганын белгилеп, иш дагы деле тергелип жатканын айткан.

Анткен менен юристтер кыргызстандыктарга кош жарандуулук ал мамлекеттик кызматкер болбосо уруксат берилгенин белгилешет. Ошондой эле Орхан Инанды Түркиянын жараны болгон чакта деле аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүү үчүн атайын соттун чечими болушу керектинин айтышат.

Мындан сырткары алар Инанды «зомбулук менен жоготулду» деген пикирде. Себеби «Зомбулук менен жоготуу» мамлекет же анын атайын кызматы тарабынан, ошондой эле анын макулдугу же колдоосу менен ишке ашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Юристтер: Түркия Орхан Инандыны уурдоо менен кыргыз мыйзамдарын бузду

HRW: Түркия Орхан Инандыны уурдап эл аралык укуктун ченемдерин бузду