Бишкек ШИИББи: Он түрк жаранына паспорт берүү иши сотко өттү

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган Орхан Инандыга жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү иши иликтенип, сотко өткөнүн маалымдады.

Орхан Ининдынын паспорту.

Милициядан билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүш «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери боюнча жүргүзүлгөн.

«Кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтердин пакети жасалма болгон жана бланктар одоно мыйзам бузуулар менен түзүлгөн. Өлкө аймагынын тышында жүргөн үч түрк жараны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүшкөн эмес. Түркиянын дагы жети жараны Кыргызстанга келип, паспортторун алгандан кийин дароо чыгып кетишкен», — деп жазылат Бишкек ШИИБи тараткан билдирүүдө.

Милициянын маалыматына ылайык, аталган он түрк жараны Түркияда ФЕТО* уюмунун тизмесинде болгон.

*ФЕТО же диний аалым «Фетхуллах Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылып, 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыпталууда. Бирок Фетхуллах Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухаббат Пратовага, паспорт столдун мурдагы жетекчиси Гүлнара Бердигуловага жана экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге шектелип жатканы тууралуу билдирме берилди.

Мындан сырткары, түрк жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да шектелүүдө.

Сапар Исаков менен Алмазбек Атамбаев 2017-жылы жаңы паспортторду көрүп жатат.

Ошондой эле, билдирмелер Президентке караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Эрнист Апиловго, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевге да берилди.

Мындан сырткары, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге эл аралык издөө жарыяланды.

Алар Түркиядан келгендерге кыргыз жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча документтерге кол коюп, мыйзамсыз көрсөтмө берүүгө шектелүүдө.

15-сентябрда 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу Атамбаевге карата «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, кылмыш иши Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Ал эми Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев кылмышка шектелип жатканы боюнча айыптоо корутундусу 17-сентябрда, президенттин туулган күнүндө тапшырылганын белгилеген.

Түрк жарандарына паспорт берүү иши

Үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Бишкек ШИИББи 2016-жылы чет элдик жарандарга кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды* жана Түркиянын ондогон жарандарына кыргыз паспортун мыйзамсыз берүүгө шектелип жатышат.

*Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал уурдалгандан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Инандыга берилген паспорттун мыйзамдуулугу 2019-жылдан бери териштирилип жатканын кабарлаган.

Ишти тергеген Бишкек ШИИББи бул иштин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевди жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчы Эрнист Апиловду да кармаган.

Сотко чейинки өндүрүш Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалып, Анкарага жеткирилгенден кийин башталган. Түрк бийлиги Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азиядагы жетекчиси» деп атап, Түркиянын Башкы прокуратурасы аны 22,5 жылга кесүүнү суранып жатат.

Ал эми Ниязов Кыргызстандын күч органдары ага карата козгогон ишти «саясий буйрук» деп атады. Ошондой эле, Ниязов тергөө орагандары «ага каршы эч нерсе таппай», бирок ага карабастан «начальниктин буйругун аткарып жатышат» деп билдирген.

Тема боюнча:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата дагы бир сотко чейинки өндүрүш башталды

Фарид Ниязов: УКМК коррупционерлерди адалдоо боюнча мекемеге айландыбы?

Түрк жарандарына паспорт берүү. Жарандык маселелер боюнча комиссиянын экс-катчысы кармалды