COVID-19: Кыргызстанга 370 миңден ашуун Pfizer жана Sinopharm вакцинасы келди

Кыргызстанга Pfizer BioNTech Америка-Гемания вакцинасынын 259 миң, кытайдын Sinopharm вакцинасынан 111 миңден ашуун дозасы алып келинди. Бул тууралуу 27-октябрда саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Вакцинаны өткөрүп берүү аземи. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 

Ведомстводон вакциналар COVAX глобалдык механизми аркылуу келгенин кошумчалашты. Бул ДССУ, ЮНИСЕФ жана Вакцина жана иммундаштыруу боюнча глобалдык альянстын (GAVI) жакыр өлкөлөрдү вакцина менен камсыз кылуу боюнча демилгеси.

Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасы АКШ өкмөтүнөн кайрымдуулук катары берилгенин билдирди.

«Биз биргеликте COVID-19 менен күрөштү улантышыбыз керек! АКШ вакцина жөнөттү жана ар бир каалоочу коопсуз, ошондой эле таасирдүү вакцина алышы үчүн кыргыз өкмөтүнүн калкты жапырт эмдөө кампаниясына финансылык колдоо көрсөтөт», — деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Каултер препараттарды тапшыруу аземинде.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «COVID-19 менен күрөшүүгө колунан келген жардамын берген» өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктарды эмдөө алууга алууга чакырды.

Ошол эле учурда, анын айтымында бийлик COVID-19га каршы дагы вакцина сатып алууну пландаган жок.

«Азырынча вакцина сатып алуу планыбызда жок, буга чейин алынган препараттар жетиштүү», — деп айткан министр Бейшеналиев 24.kg басылмасына курган маегинде.

Эмне болгон Pfizer?

Pfizer жана AstraZeneca вакциналары. Сүрөт: «Кабар» 

Pfizer вакцинасын аталышындагы америка компаниясы менен BioNTech немец ишканасы чыгарат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, вацкинанын таасирдүүлүгү 95%га жеткен. Каражатты -70⁰ С температурада сакталууга тийиш. Вакцинанын курсу 21-28 күн аралыгында сайыла турган эки дозадан турат.

Pfizer’ден баш тартуу

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында 1,2 млн доза вакцинаны жыл башында эле алышы керек болчу. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны сактоо үчүн муздаткыч жок деген жүйөө менен баш тарткан.

Ал эми республикалык имунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен 1-октябрда өлкөгө вакцина сактоочу 4 муздаткыч келгенин 4-октябрда кабарлаган.

«Андан кийин вакциналар эригенден кийин +2 — +8 градуста сактоого болот» , — деген ал.

Кыргызстандагы эмдөө

Учурда Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm жана Sinovac (CoronaVac), ошондой эле Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмделсе болот. Ошондой эле өлкөгө гумжардам катары Казакстандын QazVac вакцинасы келген.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 28-октябрга карата коронавирустун 124 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду. Илдеттен 100 бейтап айыгып чыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 28-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 6319 адам, ал эми экинчи дозасын 5651 киши алды.

Тема боюнча окуңуз: Коронавирустун кесепети. Дээрлик ар бир үчүнчү кыргызстандык жакыр жашайт — Дүйнөлүк банк