Эмчек рагына чалдыккан Алина Батурова 5 жашар кызын көрбөй көз жумду

IV даражадагы рак менен ооруган Алина Батурова 28-октябрда каза болду. Бул тууралуу Алинага жардам берип жаткан «Өмүр үчүн бирге» онкологиялык бейтаптар чеберканасынын өкүлдөрү кабарлады.

«Күтө берип чарчады. Ал бизден узап кетти. Кечир, алтыным, биз сага жардам бере алган жокпуз. Жаткан жерин жайлуу болсун алтыныбыз биздин. Кош Алина», — деп жазылат уюмдун билдирүүсүндө.

24-октябрда социалдык тармактарда оор абалдагы Бишкек шаарынын тургуну Алина Батурова күйөөсү беш жаштагы кызын көрүүгө уруксат бербей жатканын айтып, коомчулуктан жардам сурап кайрылган. Анткени ал оор дартка чалдыккандан кийин күйөөсү, казак жараны Уалихан Батуров кызын алып Казакстанга кетип калганын айткан.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу менен биргеликте Алина Батурованын жолдошу менен сүйлөшүү жүргүзүп, акыркы каалоосун аткарууга жардам берерин убадалаган.

Алинанын акыркы каалоосу

32 жаштагы Алина IV даражадагы эмчектин залалдуу шишиги менен үч жылдан бери жабыркап, метастаз баш мээсине, өпкө-бооруна жайылып кеткен. Мындан улам ал паллиативдик жардам алып турган.

Ал 24-октябрда соцтармактар аркылуу кайрылуу жасап, кызын көрбөгөнүнө бир жылдан ашканын айткан.

«Анын жолдошу Кордайда [Казахстан], кызын [энесине] көрсөтпөйт, келбейт, аялына жардам бербейт. Бул жылдар аралыгында Бишкектеги ата-энеси көмөктөшүп рак менен өз алдынча күрөшүп келет. Учурда Алинанын убактысы аз калды, акыркы каалоосу кызын көрүп, кучагына кысуу», — деп айтылат кайрылууда.

Батурованын өкүлдөрүнү аялдын күйөөсүнөн кызын энесине «жок дегенде бир күнгө» алып келип көрсөтүү аракеттеринен майнап чыкпай жатканын айткан.

Алар оорусу өтүшүп кеткен аялдын «акыркы каалоосун аткарууга көмөктөшүү үчүн» жолдошун «көндүрүп берүүнү» өтүнүп, анын туугандарына дагы кайрылышкан.

Тема боюнча:

ТИМ IV даражадагы ракка чалдыккан аялга кызы менен акыркы жолу көрүшүүгө көмөктөшөт