Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга документтер даярдалды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо үчүн президент Садыр Жапаров Кытайга барышы керек. Бул тууралуу парламенттин 27-октябрдагы отурумунда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Анын айтымында, кыргыз тарап темир жолдун курулушуна зарыл болгон бардык документтерди даярдады.

«Өзбек тарап менен акыркы сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды. Министрлер аймактын үстүнөн учууларды жүргүзүп, бардык документтерди даярдашты. Биз Садыр Нургожоевичтин Кытайга иш сапарын күтүп жатабыз. Бээжин коронавирустан улам жабык. Ачылган соң дароо эле, иш сапардын алкагында бул маселе чечилет», — деп ишендирди Акылбек Жапаров.

Минкабдын төрагасы «өкмөт тарабынан акыркы маршруттар такталганын» кошумчалады. Эсептөөлөргө ылайык, Кыргызстандын аймагы аркылуу 280 км темир жол өтөт, анын ичинен 57 км тоннель аркылуу болмокчу.

«Темир жол куруу менен алектенген бардык дүйнөлүк компаниялар бул долбоорду ишке ашыруу толук мүмкүн деп айтып жатышат. Учурда каржылоонун модели иштелип жатат» , — деди чиновник.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу

Кытайдан Кыргызстанга чейин келип, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп Европа менен бириктире турган темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик 20 жылдан бери жүрүп келет.

2002-жылы Кытай 268 чакырымга созулуп, Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жолдун биринчи долбоорун сунуштаган.

Темир жолдун курулушунун башкы көйгөйү болуп колеялардын жазылыгындагы айырмачылыктар эсептелет — Кытай 1435 милиметрди түзгөн эл аралык стандартты пайдаланат, а Кыргызстан жазылыгы 1520 милиметр болгон советтик стандартты пайдаланат.

2015-жылдын башында Кыргызстандын Транспорт министрлиги Кытай менен темир жол куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жанданткан — ТЭО даярдала баштаган. Тараптар алдын ала Кыргызстан аркылуу өтчү жолдун курулушунда советтик стандартты колдонууну макулдашкан.

Ошондо «Кыргыз темир жолу» темир жолдун курулушу учурда курулуусу пландалып жаткан түндүк-түштүктү бириктирген альтернативдүү унаа жолуна параллель курулушу мүмкүн деп айткан.

2015-жылы ноябрдын аягында Кытай темир жол корпорациясынын башкы инженери Хе Хуаюй Кытайдан Иранга чейинки жогорку ылдамдыктагы темир жолдун долбоорун сунуштаган.

Жолдун айланасындагы акыркы сүйлөшүүлөрдү 2021-жылдын майында кыргыз ТИМнин башчысы Руслан Казакбаев жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жүргүзүшкөн. Кийин сентябрдагы ШКУнун саммитинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан бул долбоорду ишке ашырууга даяр экенин айткан.

Материалдын үстүнөн иштеген: Мелис Абдибаитов