Бишкектеги массалык уулануу: «Империя пиццы» ишмердүүлүгүн жандантты

«Империя Пиццы» кафесинни филиалы

«Империя пиццы» кафелер түйүнү 29-октябрда ишмердүүлүгүн жандантты. Бирок тамактануучу жайдан роллы жана суши жеткирилбейт — тамактарга буюртма берүү үчүн «Империя Пиццынын» филиалына баруу керек.

Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Кубан Кундашев «Империя пиццы» менюсунан Жапон ашканасын жана балыктардан жасалган тамактарды убактылуу чыгарып салды деп билдирди. Анткен менен «Империя пиццыдан» роллы жана сушини кафеге келип алып кетүүгө болот деп билдиришти.

«Түйүн биздин жазма буйруктарыбызды аткарды, дезинфекция өткөрүп, жаңы азык-түлүктөрдү сатып алды. Алар бизге тоскоолдук жараткан жок. Анализ сальмонеллезду тастыктады», — деди Кундашев.

Массалык уулануу

«Империя Пиццы» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталган. 23-октябрдан тартып Биштектеги Темир жолчулар ооруканасынын инфекция бөлүмүнө тамак-ашка ууланган жарандар кайрыла баштаган.

Алгач ооруканага 12 киши кайрылып ууланганын билдирген, бирок кийин кайрылгандардын саны өсүп баштаган жана 28-октябрда 318 кишиге жеткен. Саламаттык сактоо министрлигинин 29-октябрдагы маалыматына ылайык, жабыркагандардын 22си учурда дагы эле ооруканада, алардын бешөө — жаш балдар.

Массалык уулануудан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору «Империя пиццы» кафесинин бардык филилалдарын эпидиликтөө үчүн убактылуу жабуу чечимин кабыл алган. Ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тамактануучу жайдын филиалдарына жалпысынан 30 500 сом айып салган.

Көп өтпөй Бишкек ШИИББ «Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрли 2018-жылы коомдук тамактануу жайларын текшерүүгө киргизилген мораторий убактылуу алып салынганын кабарлаган. Эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы коомдук тамактануу жайларын текшерет.