Бишкек ШИИББдин экс-башчысы августта жол кырсыгына кабылганы айтылды

ЖМКлар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып, ИИМдин башчысынын кеңешчиси Бакыт Матмусаев жол кырсыгына кабылганын жазышты.

Алардын маалыматы боюнча, «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа айдаган Матмусаев Жукеев-Пудовкин көчөсү менен бара жатып, Сүйөркулов көчөсү менен кесилишкен жерде «ДЭУ Матиз» жана «Мазда Трибут» автоунаалары менен кагышкан.

«Кырсыкта “Матиздин” төрт жүргүнчүсү жабыркаган. Алар төртүнчү шаардык ооруканага жеткирилген», — деп белгиленет ЖМКда.

ИИМдин басма сөз кызматы азырынча окуяга комментарий бере элек. Бирок, Матмусаев катышкан автокырсык август айында катталганын билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, кырсык 14-августта түнкү саат он бирде катталган. Унаалар айып короого токтотулган.

«Учурда бардык керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды, алардын негизинде юридикалык баа берилет», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, кайгуул милициясы Матмусаев Ички иштер министринин кеңешчиси деген маалыматты төгүндөп, ички иштер органдарында иштебей турганын айтты.

Матмусаев деген ким?

Бакыт Матмусаев — Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын экс- төрагасы. Ал 2021-жылы апрелде Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин кызматтан бошотулган. Ошондо аны менен бирге дагы 11 миллиционер кызматтан бошотулган.

Ал эми ушул жылдын август айында Бакыт Матмусаев ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбековдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Айзаданын өлүмү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Уурдалган кыздын үй-бүлөсү ала качкандардын бирөөсүн тааный турганын билдирген — ал кыздын артынан түшүп, мажбурлап никеге туруу үчүн мурда дагы уурдоого аракет кылган.

Айзада Канатбекованы уурдаган Замирбек Теңизбаев буга чейин бир канча ирет соттолгон. Канатбекованын апасы милицияга кызын уурдаган кишилерди таап, чара колдонуу боюнча арыз менен кайрылган. Андан тышкары, кыздын достору, жакындары, ыктыярчылар издөө иштерин баштап, Теңизбаевдин унаасы Сосновка тараптан байкалганын аныкташкан.

Милиция эки күндөн кийин гана Канатбекованын жана аны уурдаган Теңизбаевдин сөөктөрүн Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадан табышкан. Теңизбаев Канатбекованы футболкасы менен муунтуп, андан кийин өзүн өлтүргөн.

Кыздын мындай өлүмү коомчулукта чоң резонанс пайда кылган жана 8-апрелде милициянын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы менен Ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Ошол эле күнү эртең менен Милициянын жооптуу кызмат адамдары маалымат жыйын өткөрүп, кызды узак убакыт издегени үчүн актанууга аракет кылышканын айтып, өз дарегине айтылган сындарды четке каккан.

Матмусаев азыр отставкага кетпей турганын, жана кызды уурдагандарды издөө анын негизги милдети экенин айтты — ошол күнү кечинде адам уурдоого шектүүлөрдүн бардыгы колго түшкөн. Депутаттар ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековду парламент алдында иш боюнча отчёт берүүсүн талап кылышкан. Алар дагы министрдин отставкасын талап кылышты. Ниязбеков болсо ИИМ жоопкерчиликтен качпай турганын жана «моралдык» күнөөсүн сезип жатканын билдирген.

Кызды уурдап барып, мажбурлап никеге тургузууну эл алдында өкмөт башчы Улукбек Марипов, парламент депутаттары, президент Садыр Жапаров жана муфтийдин орун басары Кадыр Маликов ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кескин сынга алган.