«Ишенимди жоготту». Айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Айыл чарба министринин орун басары Илич Марсбек уулун ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы 1-ноябрда кабарлады.

Билдирүүдө мындай чечим «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муинципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамга ылайык «ишеним жоготуудан» улам кабыл алынды деп айтылат.

26-октябрда Марсбек уулу Ильич УКМКнын тарабынан кармалган. Аны менен кошо айыл чарба министринин төрагасынын экс-орун басары Амангелди Исаев дагы кармалган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр материалдык пайда алуу максатында бир нече жыл бою жеке компаниялар менен өз ара сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азык-түлүк экспорттоодо «жасалма тоскоолдуктарды жаратып жүргөн».

«Тергөөнүн жүрүшүндө айыл чарба министринин мурдагы жана учурдагы орун басарлары көрсөтүлгөн фактыларга тиешеси бар экени боюнча талашсыз далилдер алынган», — деп билдиришкен УКМКдан.

Тема боюнча окуңуз: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК буга чейин, 12-октябрда, аталган иш боюнча ишкер Эркин Салымбековду дагы кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Салымбеков айыл чарба азыктарын экспорттоо тармагындагы уюшкан кылмыштуу топтун ишин тергөөнүн алкагында кармалган.

УКМК компаниялардын тобу айыл чарба азыктарын өлкөдөн сыртка чыгарууда тоскоолдуктарды түзүп келгенин билдирген. Салымбеков 2021-жылдын 6-декабрына чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.