Баткен: Ак-Сайга жакын участокто тажик тарап жүргүзгөн курулуш иштери токтотулду

Сүрөт: Кундуз Жоробекова

Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылына жакын жерде тажик жарандары тарабынан жүргүзүлгөн курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу «Клоопко» облустук администрациянын басма сөз катчысы Кундуз Жоробекова билдирди.

Анын айтымында, 30-октябрь күнү Ак-Сай айыл өкмөтү менен чектешкен Тажикстандын Майский участогунда тажик жарандары көпүрөгө пайдубал салуу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жатканы аныкталган.

Буга байланыштуу ошол эле күнү Тажикстандын Хожаи-Аъло айылынын чек ара башчысы менен «Көк-Таш» чек ара постунун башчысы сүйлөшүү жүргүзгөн. Ак-Сай жана Чорку айылдарынын башчылары жолуккандан кийин курулуш иштери толугу менен токтотулган.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн учурда аймакта абал стабилдүү экенин белгилешти.

Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагы Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешет. Эки өлкөнүн аталган аймактагы чек арасы толук такталбагындыктан жана суу талашуудан улам чыр-чатактар чыгып турат.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жайгашкан. Анда Ак-Суу дарыясынан аккан суу бөлүштүрүлөт. «Головной» стратегиялык объект катары таанылып, аны Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кайтарышат.

1991-жылы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосунда Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык ар жылы 1-октябрдан 1-апрелге чейин Ак-Суу дарыясындагы сууну кыргыз тарап пайдаланып, Төрт-Гүл суу сактагычына суу куюулат. Андан соң эки ай Тажикстан жана Өзбекстан пайдаланат. 1-июндан тарта 4 ай сууну үч мамлекет тең пайдаланат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелиндеги куралдуу жаңжал дал ушул «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орноткондон кийин башталган.

Жалпысынан «Тажикстандын аскерий агрессиясынан» 172 киши жарадар болуп, 36 адам каза тапкан — анын экөө жаш бала. Ал эми жаңжал маалында Баткен жана Лейлек райондорунун 40 миңден ашуун тургуну эвакуацияланган.