«Азаттык» партиясы жана студенттер. Ош ШИИБи админресурс колдонуу фактысын иликтейт

Скриндер Ыдырыс Исаковдун Youtube-каналынан алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы сабак учурунда «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышкан студенттер боюнча териштирүүнү баштады.

Шаардык борбордук аянтында 3-ноябрда «Азаттык» партиясы шайлоочулар менен жолугушуу өткөргөн. Бирок алардын арасында «мугалимдер сабактан бошотуп алып келген» студенттер да болгон.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов «Клоопко» билдиргендей, аталган факт боюнча ошол эле күнү ондон ашуун студент күбө катары суралган. Учурда күбөлөрдү суракка алуу уланып жатат.

Милиция бул окуя боюнча «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Алматов «Клоопко» териштирүүнүн жыйынтыгы эки күндөн кийин белгилүү боло турганын билдирди. Анын айтымында, эгерде университеттердин «мугалимдери студенттерди үгүт иш-чарасына мажбурлап алып келгени аныкталса» партияга чара колдонулат.

«Тергөө иштери бүтмөйүнчө бир нерсе деш кыйын. Ички иштер органдары бизге бул факты боюнча билдирүү бермейинче биз чара колдоно албайбыз», — деди Алматов.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинен «Клоопко» бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлгөнүн билдиришти. Анын жыйынтыгы менен эки мугалимге сөгүш жарыяланып, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканына эскертүү берилген. Бирок окуу жайдан алардын аты-жөнүн ачыктоодон баш тартышты.

Ал эми «Азаттыктын» талапкери, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Ош шаарындагы үгүт иш-чарасында мыйзам бузуу болгон эмес деп эсептейт.

«18 жашка толгон, паспорту бар биздин жарандар кайсы партиянын жолугушуусуна келеби, алардын программасын угабы — бул алардын конституциялык укугу. Мына ушул конституциялык укукту чектебеш керек», — деди Жолдошова.

Ошондой эле, Жолдошова үгүт иш-чарасына студенттерди мугалимдер алып келгенин аныктаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду «бирөөнүн буйругун аткарды», «туура эмес маалыматты» деп билдирди.

Бирок ал жолугушууга «студенттерди мугалимдер алып келгенби же алар өз каалоосу менен барышканбы» деген суроону ачык бойдон калтырды.

«Азаттык» партиясы жана студенттер

3-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында «Азаттык» партиясы үгүт иш-чарасын өткөрүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан. Ошол эле күнү соцтармактарда иш-чарага «Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттери катышып жатат» деген маалымат тараган.

Ал эми жерине барган журналист Ыдырыс Исаков жолугушууга келгендерден алар кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун, кээ бирлери ОшТУнун студенттери болушканын тастыкташкан. Ошондой эле студенттер аларды борбордук аянтка мугалимдер жана декан алып келишкенин билдиришкен.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Ошто «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына студенттер катышты

Экс-депутаттар жана журналист: «Азаттык» партиясынын тизмесинин сап башында кимдер?