Видео: Ошто «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына студенттер катышты

Социалдык тармактарда «Азаттык» партиясынын Ош шаарындагы үгүт иш-чарасына Ош мамлекеттик университетинин студенттери «окуусунан бошотулуп катышып жатат» деген тасма тарады. Партия иш-чараны 3-ноябрда калаанын борбордук аянтында өткөргөн.

Тасманы жарыялаган фейсбук колдонуучу Сыймык Шамшиев үгүт иш-чарасына окуу жайдын педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенттерин мугалимдер алып келгенин жазган. Бирок көп өтпөй бул тасма өчүрүлгөн.

Ал эми журналист Ыдырыс Исаков жерине барып жолугушууга келген жаштарга кайсы университеттин студенттери болушканын сураган. Алардын айрымдары ОшМУнун студенттери болушканын тастыкташкан.

«Педагогикалык факультеттенбиз [...] [Азыр] сабак учуру, бирок агай өзү сурап алып келди бизди [...] Бекмурза Идаев агай», — деди студенттердин бири.

*Бекмурза Идаев ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин «Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы» кафедрасынын доценти.

Дагы бир студент Исаковго Ош технологиялык университетинин курулуш факультетинде окуганын айткан. Ал да үгүт иш-чарасына мугалимдер алып келгенин билдирген.

«Азыр сабак. Бизди эжекелер “сабак болбойт” деп бул жакка жөнөткөн, драмтеатрда бир нерсе болуп жаткан экен», — деди студент.

Ал эми «Клооптун» журналисттери борбордук аянтка барганда студенттер тарап кетишкен экен. Ал эми «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасында талапкерлер Бактыбек Калмаматов, Жылдызкан Жолдошева жана Ахматбек Келдибеков жүрүптүр.

ОшМУнун коомчулук менен байланышуу департаментинин жетекчиси Медер Ниязалиев «Клоопко» партиянын үгүт иш-чарасына окуу жайдын студенттери катышпаганын айтат.

«Мен университеттин мугалимдери менен байланыштым, “биздин студенттер ал жерге чыккан жок” дешти. Алар биздин студенттер эмес», — деди Ниязалиев.

Ал эми «Азаттык» партиясынан «Клоопко» бул окуя комментарий берүүдөн баш тартышты.

«Азаттыктын» иш-чарасы Ош мэриясынын жана Ош аймактык шайлоо комиссиясы жайгашкан имараттын жанында өткөрүлгөн. Буга чейин Оштун жаңы шайланган мэри Алмаз Мамбетов калаага «таза шайлоо өткөрүү үчүн» келгенин айткан болчу.

«“Мэр Ошко шайлоо өткөргөнү келиптир” деген сөздөр айтылып жатат. Ооба, мен шайлоо өткөргөнү келдим! Ошо шайлоону таза өткөрөйүн деп келдим. Мени “бир партияга чуркап бер” деп жиберишкен жок, “шайлоону таза өткөрүп бер” деп жиберишти. Президенттин “шайлоону таза өткөрүп бер” деген түз буйругу бар. Мен ошону аткарам, — деген ал.

Ал эми президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, алар «добуш сатып алууну токтотсо, административдик ресурс колдонулбайт» деп убадалаган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экс-депутаттар жана журналист: «Азаттык» партиясынын тизмесинин сап башында кимдер?