Питердеги теракт: Аброр Азимов бир айдан бери жакындары менен байланышка чыкпай жатат

Санкт-Петербург метросундагы терактка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кыргызстандын атуулу Аброр Азимовдун атасы Ахрал Азимов уулу менен бир айдан бери байланыша албай жатканын билдирди.

Ал The Insider басылмасына курган маегинде уулу Аброр Азимов тергөө изоляторунан колонияга которулары белгилүү болгондон кийин дайынсыз экенин белгилген.

Аброр Азимов

«Сентябрдын ортосунда Аброр Азимовду Петербургдун “Кресты” ТИЗОсунан алып кетип, соттун чечими боюнча өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагына жеткизишмек. Иштин калган фигуранттары ар башка абак жайларына жеткизилген, алардын арасында Абрордун бир тууганы Акрам Азимов дагы бар», — деп жазат The Insider.

Аброр туугандарына акыркы жолу 14-сентябрда чалган. Анда иштин бардык фигуранттары башка абактарга которулганын айтып берип, жакын арада аны дагы колонияга которушарын болжогон.

Соттолгон Азимов менен байланышта болуп турган филолог Елена Эфрос акыркы жолу андан 29-сентябрда Москвадагы «Бутырка» тергөө абагынан кат алган.

Катта Азимов аны башка колонияга которуп жатышканын, ал жакка жетери менен кабарлашарын убада кылган. Абрордун кайда экенин адвокаты да билбейт.

Буга байланыштуу Азимовдун атасы прокуратурага кайралуу жолдоп, прокурордук текшерүү жүргүзүп, уулу кайда экени тууралуу маалымат берүүнү талап кылган.

Санкт-Петербург метросундагы теракт

2017-жылдын 3-апрелинде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруу болгон. Ал 16 адамдын өмүрүн алып, 100дөн ашуун жүргүнчү жабыркаган. Тергөө окуяны теракт деп атап, ал эми аны Кыргызстанда туулган жана жардыруу учурунда набыт болгон Акбаржон Жалилов жасаган деп маалымдаган.

Терактты уюштурууга байланышы бар деп Борбор Азиянын 11 жараны кармалган, алардын ичинде бир тууган Азимовдор бар, Аброр жана Акрам — аларды орус бийлиги терактты уюштурууга айыптаган.

Аброр жана Акрам Азимовдор

Бир туугандар Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда туулуп-өсүшкөн, кийин орус жарандыгын алышкан.

Аброр Азимов 2017-жылдын 4-апрелинде подмосковьеде кармалганын, бирок Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ал кармалганын 2017-жылдын 17-апрелинде гана расмий билдирген.

Ал эми бир тууганы Акрам расмий түрдө 19-апрелде кармалган, бирок туугандары аны буга чейин эле бир нече күн мурда УКМКнын кызматкерлери Оштун ооруканасынан чыгарып кетип, Москвага жөнөтүшкөнүн айтышкан.

19-апрелде ФКК Азимов Москванын аялдамасында колго түшүрүлүп жатканы тартылган тасмасын жарыялаган.

Азимовдун туугандары Акрамды кармоо Орусиянын атайын кызматтары уюштурган «сахналаштырылган оюн» болгон деп айтышкан. Эки бир тууган тең Федералдык коопсуздук кызматынын «жашыруун түрмөсүндө» кыйноолорго кабылганын айтып даттанышкан.

Human Rights Watch Эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанды Акрам Азимовдун ошол убакта Оштон Орусияга чыгарылып кеткен жагдайларды иликтөөгө чакырган.

Уюм Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кылмышка шектүү адамдарды өткөрүп берүү тууралуу келишим болгону менен эки өлкө тең БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясына кол койгонун белгилеген. Конвенция эгерде адамга карата кыйноо колдонуу коркунучу турса аны башка өлкөгө өткөрүп берүүгө тыюу салат.

2019-жылдын 10-декабрында Экинчи Батыш аймактык аскер соту Аброр Азимовду теракт уюштуруу жана каржылоого күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал эми бир тууганы Акрам теракт уюштурууга катышканы үчүн 28 жылга соттолгон.

Санкт-Петербург метросундагы теракт ишинин фигуранттары. Сүрөт: «Бумага»

Ал эми калган 9 айыпталуучу да 19 жылдан 28 жылга чейин соттолгон. Бирок соттолгондордун бири да күнөөсүн мойнуна алган эмес. Журналисттер менен укук коргоочулар тергөө алешемдиктер менен жүргүзүлгөнүн, ал эми фактылардын көбү суроолорду жаратарын аныкташкан.

Тема боюнча окуңуз: Питер метросундагы терактка айыпталган кыргызстандын атуулу Аброр Азимов өмүр бою эркинен ажыратылды