Бишкекте маршрутка менен жеңил унаа кагышып бир адам каза тапты

7-ноябрда түшкү саат 12лер чамасында Бишкектин Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жүргүнчү ташыган маршрутка «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, маршрутканын айдоочусу каза тапты.

Чүй облустук ЖКККБсы кырсыктын кесепетинен дагы 15 адам ар түрдүү жаракат алганын билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, жүргүнчүлөргө толгон маршрутка «Хонда Одиссей» менен кагылышкандан кийин жолдун боюндагы мамыны сүзүп, капталы менен кулап түшкөн.

Буга чейин ЖМКларда кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгону тууралуу маалымат тараган. Кийинчерээк Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бир адам — 27 жаштагы маршрутканын айдоочусу каза болгонун билдирген.

Жол кырсыгына кабылган маршрутка. Сүрөт: Kaktus.Media

ИИмдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин 5 437 жол кырсыгы катталып, 587 киши каза болгон. Ошондой эле, 8 298 киши ар түрдүү жаракат алган.

Былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Жыл башынан бери эле жол кыргысы көп катталгандыктан 14-июнда президент Садыр Жапаров ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырган.